Казакстандын Түркия менен кызматташтыгы

Казакстан менен Түркия өз ара тыгыз кызматташууну колдойт. Тараптар инвестиция, айыл чарба, жеңил өнөр жай, транспорт жана соода тармактарында кызматташып келет. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эки мамлекет ортосунда соода алмашуу 632 млн долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 50 пайызды түздү. Өсүштүн жогорку темпи натыйжалуулукту жогорулатууга жардам берет.

МЕВЛЮТ ЧАВУШОГЛУ, ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Биз кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициянын көлөмүн арттыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Биз эки өлкөнүн ортосунда товар алмашуунун көлөмүн 5 млрд долларга чейин жеткирүүнү каалайбыз. Балким 10 млрдга чейин жеткиребиз.

Республиканын аймагында түрк капиталынын катышуусу менен 2 миңден ашык ишкана иштейт. Кызматташуунун дагы бир маанилүү бөлүгү болуп аскердик жана Европа менен Азиянын ортосунда жүктөрдү жеткирүүдө трансконтиненталдык өнөктөштүк болуп саналат. Анын ичинде “Нурлы жол” менен “Бир алкак, бир жол” программасы да бар. 

БЕЙБУТ АТАМКУЛОВ, КАЗАКСТАНДЫК ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Казакстан Актау портун жаңыртуу менен анын мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Биз Актау транспорт – логистикалык хабын өнүктүрүүгө жигердүү катышуусу үчүн түрк инвесторлорун чакырдык. Биздин аскердик тармакта 2013-жылда ачылган биргелешкен ишканабыз буга бир мисал болуп саналат. Азыркы учурда компания Түркиянын аскердик жана жарандык азыктарын “Казакстанда жасалган” деген аталышта экспорттоп жатат.

Серепчилер Казакстан менен Түркиянын кызматташуусунун чоң багытын туризм тармагында көрүшөт. Түрктөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасы жана өлкөнүн жаратылыш байлыгы болгон Кең талаа эки түрк тилдүү мамлекеттин ортосунда чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Фото: 365info.kz