«Батыш Европа – Батыш Кытай» коридорунун мультипликативдик таасири

Казакстандын унаа-транзиттик мүмкүнчүлүгү өнүгүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жүк ташуу көлөмүн жогорулатуудан түшө турган экономикалык кирешеден башка, жалпы мультипликативдик таасири көрүнүктүү. «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык коридору менен Актөбө облусундагы бөлүгү аркылуу күнүнө он миңге жакын унаа жүрөт. Ал эми шоссе жолду реконструкциялоонун натыйжасында жүк ташуунун көлөмү 2 жарым эседен өстү. Өз учурунда унаа магистралын жигердүү пайдалануу чакан жана орто ишкердиктин да өнүгүшүнө таасирин тийгизди. Актөбө аймагында эле 54 кемпинг курулат. Мындан башка, кошумча жол боюнда беш кызмат көрсөтүү борборун салуу мерчемделип жатат.

АУЕЗ АРЫЗГУЛОВ, АКТӨБӨ ОБЛУСУНУН ИШКЕРДИК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ АДИСИ:

- Актөбө облусунда республикалык жана эл аралык маанилүү жолдордун боюнда 137 кызмат көрсөтүү объекти жайгашкан, анын ичинде жол боюнда кызмат көрсөтө турган 54 объект «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык унаа коридорунда. 75 объект Казакстан Республикасынын улуттук стандарттарынын категорияларына ылайык келет, белгилеп айтканда, 4 объект А категориясына, төртөө В, 39у С категориясына жана 28 объект Д категориясына жатат.

«Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык унаа коридорунун артыкчылыгы – ал жүк жеткирүү убакытын алгылыктуу үнөмдөйт. Эгер товарды деңиз аркылуу жеткирүүгө бир жарым айга жакын, темир жол менен – 14 күн убакыт жумшалса, аны магистраль аркылуу унаа менен жеткирүүгө 10 күн жеткиликтүү.

МАРАТ МАХАМБЕТОВ, «КАЗАВТОЖОЛ» УК АКТӨБӨ ОБЛУСТУК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Бул жол боло электе Казакстан аркылуу өткөн жүк агымы жылына 13 миллион тоннаны түзчү, эл аралык унаа коридору салынгандан кийин бул көрсөткүч жылына 33  миллион тоннага чейин өстү.

Серепчилер, «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык унаа коридорун жигердүү пайдалануу бизнестин ар түрдүү багыттарынын өнүгүшүнө таасирин тийгизет деген пикирде. Азыркы тапта аймакта республикалык жана эл аралык маанидеги жолдордун боюнда ашкана, эс алуу жайлары, техникалык кызмат көрсөтүү бекеттери менен унаа токтотмолор салынууда.

Фото: trend.az