Казакстанда туризм өнүгүүдө

Казакстанда туризм өнүгүүдө

Өткөн жылы Казакстанга 8 жарым миллион турист келген. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп. Көбүнчө Казакстанга Борбордук Азия, Орусия, Түркия, Германия, Азербайжан жана башка чет мамлекеттердин жарандары саякаттап келди. Серепчилердин пикиринде, республикада бизнес-туризм эле эмес, ошону менен катар медициналык жана санаторий туризми да өнүгүп келе жатат. Чет элдик саякатчылар Алакөлдүн жээгине жана Бурабай токойлорунда эс алып, ошону менен бирге дарылануу үчүн келишет. Жакын арада Актаунун жээгиндеги эс алуу базасы менен конок үйлөрү ишке берилип, туристтерди кабыл алып баштайт. Алардын курулушу кулжа айында башталат. Түрк инвесторлору бул жерде атайын жылуу бассейн орнотууну пландап жатат.

НУРДАУЛЕТ КИЛЫБАЙ, МАНГЫСТОО ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз чоң инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Бул үчүн инфраструктураны өнүктүрүү керек. Биз өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыгы үчүн ар бир долбоордун жеке документтерин даярдайбыз. Муну менен аймакта инвестицияны өнүктүрүү жана ишке ашыруу этабы башталды деп айта алам.

Казакстанга келген ар бир турист мамлекетте түзүлгөн туристтик полициянын кызматын колдоно алат. Ал түзүмдөр коноктордун коопсуздугун камсыздоодон сырткары, туристтерди кызыктырган маселелер боюнча кеп-кеңештер менен маалыматтарды беришет. Туристтик полиция өкүлдөрү Нур-Султан, Алматы шаарларында, ошондой эле Акмоло, Алматы, Чыгыш Казакстан жана Түркестан облустарында ийгиликтүү иштеп жатат. Себеби, мамлекеттин бул шаарларына туристтердин агымы көп.

АРМАН БАЙМУХАМЕТ, ПОЛИЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Алардын милдети чет элдик жарандар менен иштөөгө байланыштуу. Башкача айтканда, чет элдик жарандар көп чогулган, туристтик жерлерде кызмат көрсөтүшөт. Туристтерде кыйынчылык туулушу мүмкүн. Мисалы, котормочу керек болуп калат. Мына ушундай учурларда жардамга келет.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата туризмдин үлүшү өлкөнүн ИДӨсүнө карата 8 пайыга чейин көтөрүлүүгө тийиш. Бул максатка жетүү үчүн Өкмөт туризм тармагын өнүктүрүүгө көп каражат жумшап келет.

Photo: astana.zagranitsa.com