Казакстан-Германия инвестициялык байланыштары

Казакстан-Германия инвестициялык байланыштары

Германия – Казакстандын Европадагы башкы өнөктөштөрүнүн бири. Эки өлкөнүн  ортосундагы карым-катнаш ачык жана ишенимдүү сыпатка ээ. Эки тарап кызматташтык алкагын кеңейтүүгө кызыктар. Бул тууралуу Германия федералдык өкмөтүнүн аз улуттардын иштери боюнча өкүлү Бернд Фабрициустун Нур-Султанга болгон сапарында айтылды. Ал өлкөдөгү этникалык немистер менен Германиядагы этникалык казактар эки өлкө ортосундагы мамилелердин маанилүү мууну катары саналарын белгилеп көрсөттү. Казак өлкөсүндө болжол менен 180 миң немис улутунун өкүлү жашап жатат. Бир миллионго жакын немис Казакстандан тарыхый мекенине кайткан. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн байланыштары саясат менен экономиканын бир нече тармактарын камтыйт.

ЖАНСЕИТ ТҮЙМЕБАЕВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Болжол менен немис инвестициясынын 90 пайызы Казакстан экономикасынын чийки заттык эмес секторуна багытталат. Азыркы тапта өлкөбүздө немис капиталы бар 900 экономикалык түзүлүш иштейт. Аны менен катар, 450 немис ишканасы ачылган. Иштетүү өнөр жайы, унаа, курулуш, байланыш, айыл чарба,  логистика жана башка да тармактарда эки өлкө кызматташтык орноткон.

Фото: time.kz