АЭКБ: Стратегиялык өнөктөштүк

АЭКБ: Стратегиялык өнөктөштүк

Эл аралык Валюта фонду, Европа Кайра куруу жана өнүгүү Банкы, Азия Өнүгүү банкы, Азия инфраструктуралык жана Инвестициялык банкы, ошондой эле Дүйнөлүк банк сыяктуу дүйнөлүк каржы институттар Астана эл аралык каржы борбору менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар. Алардын бардыгы «Астана» эл аралык каржы борборунун стратегиялык өнөктөштөрү катары саналат. Ушул багытта быйыл дүйнөлүк банктын серепчилери Астана Эл аралык каржы борборунун адистерин каржы тармагындагы сот талдамасынын негиздерине үйрөтүшөт. Адистер муну маанилүү кадам катары баалашууда.

ВАЛИД МАЛИК, ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРМАКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН АДИСИ /АКШ/:

- Астана эл аралык каржы борбору ачылгандан бери бардык механизмдердин курулушуна катыштык. Биздин банк алдын ала кеңешке катышкан. Биз «Астана» каржы борборун дүйнөгө белгилүү кылуу максатында өз жардамыбызды кошобуз. Келечекте да борбордун инвесторлорду тартуу ишин алдыга жылдырууга жардамыбыз тиет. Алдыдагы убакытта өнөктөштүгүбүз жемиштүү болоруна ишенем.

Белгилей кетүүчү жагдай, «Астана» эл аралык каржы борборуна болгон кызыгуу катышуучулардын арасында салык жеңилдиктери, жеңилдетилгин валюта, виза жана эмгек режимдериндеги ыңгайлуу шарттарга тиешелүү өскөн. Серепчилердин пикиринде, келечекте борбор каржы хабы катары Борбор Азия, Кавказ тоосунун айланасы жана Орусияга байланыштыра алат.

ХАМЗА АЛИ МАЛИК, БУУНУН ЭСКАТО ӨНҮГҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИНЕ АРНАЛГАН КАРЖЫЛОО ЖАНА МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

- Биз көптөгөн өкмөттөр, анын ичинде Казакстан менен иштешебиз. Белгилеп айтканда, инфраструктураны каржылоого байланыштуу долбоорлорду улантууну мерчемдеп жатабыз. Казакстанда биз «Астана» эл аралык каржы борбору менен тыгыз өнөктөштүк орноттук.

Фото: inform.kz