Казакстанда төрт жаңы экономикалык аймак түзүлөт

Казакстанда төрт жаңы социалдык-экономикалык аймак түзүү пландалууда. Аны курууга Петропавл, Костанай, Актөбө жана Байкоңур шаарлары каралууда. Азыркы учурда индустрианы жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги аймактагы акимчиликтердин сунуштарын карап жатат. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мамлекетте 12 атайын экономикалык жана 23 индустриалдык аймак бар. Мисалы, Чымкентте жайгашкан «ОҢТҮСТІК» аймагында токуу текстиль кластери калыптанган. Бул чакан ишкердикти жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Дагы бир атайын экономикалык аймак «ПАВЛОДАР» болуп саналат. Бул жерде алюминий өндүрүшү өнүгүүдө жана жогорку сапатта даяр продукцияны чыгарат. Ошону менен катар өндүрүштө кесип ээлери арасында кооперативдер жакшы жолго коюлган. Ага карабай Кызылордо облусунун индустрия аймагы инвестиция тартууда көлөмү жагынан биринчи орунду ээледи. Ошол эле учурда колдонууга берилген долбоорлор Чымкентте көптүк кылат. Алардын саны 60тан ашат. Индустриалдык аймактардын көп бөлүгү Түркестан облусуна ыңгайлашкан.

РОМАН СКЛЯР, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- Жалпысынан атайын экономикалык аймак үчүн 183 долбоор тандалып алынды. Анын ичинен чет элдик капиталдарга тиешелүү 46 долбоор бар. Социалдык – экономикалык аймактын инфраструктуралык курулушуна 314 млрд доллар сарпталат. Бул жаатта келе турган инвестициянын көлөмү 910 млрд теңгени түзөт. Тактап айтканда, жаңы атайын экономикалык аймактын инфракурулушуна салынган бюджеттин 1 теңгеси 2,8 жеке инвестицияга туура келет. Индустриалык аймактарда 183 миллиард теңгелик 168 өндүрүш зонасы иштейт. Индустриалдык аймактардагы инфраструктурага 86 млрд теңге каралган. Ошентип, бюджеттен жумшалган 1 теңге  2,1 теңге инвестиция тартып келет.

Серепчилердин маалыматына караганда, индустриалдык аймакка тартылган инвестициянын көлөмү 2021-жылы 520 млрд теңгеге жетет. Бул 173 жаңы ишкананы ишке киргизүүгө шарт түзөт. Быйыл анын ичинде 40 ишкананы колдонууга берүү пландалууда. Мындан сырткары жакынкы үч жылда атайын экономикалык аймактын 147 долбоору ишке ашырылат. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 36 ишкана продукция өндүрүп баштайт.

Фотоinbusiness.kz