Түркестанда 135 миң чакан жана орто бизнес объекти иштеп жатат

Түркестан облусунда 135 миң чакан жана орто бизнес объекти катталган. Бул республика боюнча экинчи көрсөткүч. Былтыр аймакта 10 ири долбоор ишке кошулган. Алардын арасында кургак сүт өндүрө турган завод менен желим шишелерди чыгара турган өндүрүш очогу да бар. Жакында бул жерде темир бетон буюмдарын өндүрө турган жаңы завод пайда болду. Бул өндүрүш жайы курулуш ишканаларын өнүмдөрдүн бир нече түрү менен камсыз кылып келет.

МУХТАР АКЫЛБЕКОВ, ЗАВОДДУН ӨНДҮРҮШ БАШЧЫСЫ:

- Туташтыргыч, шакектер жана товардык бетон сыяктуу куйматаш өнүмдөрүн чыгарабыз. Чыгарылган өнүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн Түркестанга, Кызылордо облусуна, Шиели, Жаңыкоргон райондоруна жана Кентоо шаарына жөнөтөбүз.

Түркестандагы курулуштун кеңейиши ишкана өнүмдөрүнө болгон суроо-талапты жогорулатты. Бөдрөтчүлөр жергиликтүү өнүм салына турган куйматаш плиталар менен жабууларга кезекке турат. Чийки затка келсек, күлбото менен себилжабдыктар Чымкенттен алып келинет. Ал эми шагыл шаардын айланасынан казып алынат. Ишкана күнүнө 400 чарчы метр куйматаш буюм өндүрөт. Жалпы Түркестан индустриалдык аймагында 14 ишкана иштейт. 2018-жылы алар 3,5 миллиард теңгелик өнүм өндүргөн.

САМАТ КӨШКИНБАЙ, ОБЛУСТУК ИШКЕРДИК ЖАНА ИИӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Аны менен катар, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын өндүргөн өнүм көлөмү 495 миллиард теңгени түзгөн. Бүгүнкү күндө чакан жана орто ишкердик үчүн каржылай колдоо жеткиликтүү.

Быйыл ишкердикти колдоо Картасынын алкагында аймакка наркы 14 миллиард теңгелик 19 ири ишкананын курулушун баштоо көздөлүп жатат.

Фото: informburo.kz