Маңгыстоо «Астана» эл аралык каржы борбору менен меморандум түздү

Маңгыстоо облусунун акимчилиги «Астана» эл аралык каржы борбору менен меморандумга кол койду. Эми мунайлуу чөлкөм инвесторлор менен эл аралык укук эрежелери боюнча иш алып барышат. Бул жердеги башкы максат – борбордук хаб катышуучуларын аймактын экономикасына инвестиция салууга чакыруу аркылуу аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Нур-Султан шаарында өткөн «Global Silk Road Mangystau invest 2019» эл аралык форумунун жыйынтыгында Маңгыстоо облусунда эки инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 22 долбоор ишке кошулат, анын ичинде төртөө – чет өлкөлүк компаниялардын катышуусу менен ишке ашырылат. Долбоорлордун жалпы баасы – 66 миллиард АКШ долларына тең.

ЕРАЛЫ ТОГЖАНОВ, МАҢГЫСТОО ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Биз 3 компания менен 250 миллион долларлык келишим түздүк. Бул инвестиция бир гана Маңгыстоо облусунда эмес, бүткүл өлкө үчүн маанилүү роль ойнойт. Астана эл аралык каржы борбору менен өнөктөштүк мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Фото: ostov.info