Беларусь аскерий техникасы Казакстанда кураштырылат

Казакстанда беларусь аскерий техникасы менен курал-жарактарын чыгаруу көздөлүүдө. Өлкөдө өндүрүштү куруу тууралуу келишимге Беларустун борборунда өткөн MILEX-2019 9-эл аралык көргөзмөсүндө кол коюлду. Тактап айтканда, серепчилер радиолокацияга арналган аспаптар менен оптикалык-электрондук буюмдар өндүрүшүн ачуу тууралуу ойлорун айтышты.

БЕКЖАН ЖЫЛКАЙДАРОВ, КӨРГӨЗМӨНҮН КАТЫШУУЧУСУ, КАЗАКСТАН:

- Бизде ушул тармакта болжол менен 30га жакын ишкана иштейт. Биздин ишкана курал менен аскерий модулдарга арналган күндүзгү жана түнкү оптика чыгарат. Ошондой эле, танктарды жаңыртуу боюнча ар түрдүү долбоорлорубуз бар.

Эл аралык курал-жарак көргөзмөсүндө эң белгилүү стенддердин бири – Казакстандыкы болду. Форум катышуучулары Казакстанда чыгарылган сооттолгон техникага өзгөчө көңүл бөлүштү. Анын артыкчылыгы миналарга каршы коргонуусу күчөтүлгөн жана болот менен капталган. Ушул аскерий унааларды быйыл экспортко чыгаруу мерчеми да бар.

ОЛЕГ ТУПИК, КӨРГӨЗМӨНҮН КАТЫШУУЧУСУ, БЕЛАРУСЬ:

- Бул жерде абдан кызыктуу үлгүлөр коюлат. Жалпы көргөзмөнү кыдырып, көрүп чыккандан кийин дүйнө боюнча аскерий тармактын кайсы багыттарына басымдуулук берилип жатканын билип-түшүнө аласың. Аны менен катар, бул жерде радиоэлектрондук басуу куралдары, оптикалык буюмдар менен аткычтар куралынын заманбап түрлөрү бар.

Жалпы форумга 35 өлкөнүн делегаттары катышты. Ошондой эле, 160тан ашуун мамлекеттик жана жеке компаниялар өз долбоорлорун сунуштады.

Фото: mil.by