Казакстан Кытайга товар экспорттойт

Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү өсүүдө. Бүгүнкү күндө 800дөн ашуун товар түрү 120 мамлекетке жөнөтүлөт. Негизинен ата мекендик өнүм жана өнөр жайлык товар айрыкча суроо-талап жогору ири Кытай рыногуна жиберилет. Белгилеп айтканда, Кытай эли машина куруу жана тоо-кен металлургия тармактарынын өнүмдөрүн сатып алууга кызыктар. Азыркы тапта кытайлык керектөөчүлөр аккумулятор менен трансформаторлор чыга турган Кентау заводунун өнүмдөрүн керектешет. Мындан башка, казакстан-кытай биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат.

АМАНИЯЗ ЕРЖАНОВ, РК ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биздин гидравлика, дөңгөлөктөр менен клапандарды чыгарган Киров атындагы машина куруу заводубуз да Кытай рыногуна кирди. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биздин токума өнүмдөрүбүз да коңшу өлкөнүн рыногуна чыгарылат.

КАДЫРБЕК МЕЙРАМБЕКОВ, ИШКЕР:

- Биз Кытайда бир нече көргөзмөгө катыштык. Өткөн жылдын күзүндөгү Шанхайдагы көргөзмөдө биздин павильондо жүз метрлик кезек түзүлүп калган. Бардыгы саамалды ичүүгө кызыктар болушту. Кытайдын биздин өнүмгө болгон кызыгуусу жогору. Чек аранын ачылуусу жана биринчи партиянын жиберилиши менен биз экспорттук чек араларды кеңейтебиз.

Алматы облусунун чарбачылыктары да чет өлкөлүк рынокторго чыгууну мерчемдеп жатат. Үч жылдан кийин жергиликтүү аймакта өстүрүлгөн карагат менен дан куурай да экспортко чыгарылат. Азыркы тапта 500 гектар аянтта жемиш көчөттөрүн отургузуу жумуштары башталды. Аталган мөмө-жемиш жергиликтүү климатка ыңгайлашкан. Адистердин айтымында, бир гектардан орто эсеп менен 12-17 тонна түшүм алуу көздөлгөн.

АЗАМАТ АБИШОВ,  ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Өнүмдүн көлөмүн жогорулатып, чет өлкөлүк рынокторду өздөштүрүүнү мерчемдеп жатабыз. Көлөм 1 миллион болсо жер-жемиштерди чет өлкөлөргө жибере алабыз. Толук таңгактоону колго алуу үчүн завод курууну көздөп жатабыз.

Фото: azernews.az