Дүйнөлүк инвестиция боюнча жыйын

Казакстанда чет өлкөлүктөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Дүйнөлүк инвестициялар боюнча тегерек столго катышкан миңден ашуун серепчи менен дүйнөнүн кырк өлкөсүнөн чогулган бизнесмендердин орток пикири ушундай. Эң биринчи, чет өлкөлүк ишкерлерди өлкөдө капитал салымдарынын коопсуздугун камсыз кыла турган кепилдиктер, мыйзам, экономика жана саясаттын туруктуулугу кызыктырат. Каржы салууга абдан эффективдүү тармактардын катарында ишкерлер тамак-аш, агро өнөр жай, унаа жана логистика, ІТ-технологиялар жана курулуш секторлорун белгилешет. Алар Казакстандын дал ушул тармактарын өнүктүрүүгө каржы салууга даяр.

АСКАР МАМИН, РК ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Инвестиция – өлкө экономикасынын өнүгүшүнүн маанилүү куралы. Көз карандысыздык жылдардын ичинде Казакстанга 300 миллиард теңгеден ашуун каржы тартылган. 2018-жылы Борбор Азияга багытталган түз инвестициялардын 24 миллиард теңгеси Казакстан экономикасына салынды. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өсүп келе жатат. Ушул багытта Нью-Йорк, Лондон, Шанхай каржы институттарынын эң мыкты тажрыйбасын киргизген Астана эл аралык каржы борборунун кызматын белгилей кетүү керек.

Наркы бир миллиард доллардан ашкан Борбор Азиядагы эң ири инвест долбоор Түркестан облусунда ишке ашат. Ал жерде жалпы аймагы 500 гектарга жакын күнөскана комплекси курулат. Каржы – орусиялык компаниядан.

АЛЕКСАНДР РУДАКОВ, ИШКЕР / ОРУСИЯ:

- Ушул инвестициялык долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөн Казакстан өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз. Азыр инфраструктура тартылып жатат. Көрсөтүлгөн жардамдын аркасында инвестициялык бюджетибиз кыскарып, салган каржыны кайтаруу мезгили да азаят.

Дүйнөлүк инвестициялар  темасына арналган жыл сайын өткөн жолугушууда баасы 9 миллиард долларлык 45 документке кол коюлду. Түркия, Германия, АКШ, Сингапур, Араб Эмираттары, Корея жана чек аралаш өлкөлөрдүн  компаниялары менен келишимдер түзүлдү.

Фото: inavateonthenet.net