XII Астана экономикалык форуму: cерепчилердин пикири

XII Астана экономикалык форуму: cерепчилердин пикири

Евразия континентиндеги башкы иш-чаралардын бири Астана экономикалык форумуна быйыл 74 өлкөдөн серепчилер, саясатчылар, ишкерлер менен окумуштуулар катышууда. Масштабдуу иш-чарага катышуучулар 12-жолу өткөрүлүп жаткан жыйында дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү, аны жакшыртуу, дүйнөлүк жараяндар менен тажрыйбалык стратегиялар маселелерин талкуулайт. Форумда бирдиктүү «жашыл» инновациялык хаб куруу тууралуу сунуш жасалды. Бул демилгени көтөргөн Фред Уолти инновацияларды биргеликте ишке ашыруу керек деген пикирде. Анын айтымында, узак илимий изилдөөлөргө эмес, тажрыйбалык ыкмаларга терең көңүл бөлүү керек.

ФРЕД УОЛТИ, КОМПАНИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бүгүнкү башкы маселелердин бири – бүткүл дүйнөдө жашыл экономикага арналган эко системанын болбошу. Адамдар илимий-изилдөө жумуштарына абдан көп убакыт менен каражат жумшайт. Маселе ошондо жатат. Бул нерселерди монетизациялоого жана инновацияга көп көңүл бөлүү керек. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашыл инновациялык хаб куруу абдан маанилүү жана алар өз ара тыгыз карым-катнашта иштеши керек. Алар эң ири коммерциялык чоң шаарларда жайгашуусу керек. Орток жашыл инновациялык хабдын пайдасы көп деп эсептейм.

Форумга катышуучулардын божомолу боюнча, дүйнөлүк маселелерди чечүүдө жигердүү кызматташтык абдан маанилүү. Мисалы, форумдун башкы темаларынын бири жашыл энергетика тармагында Казакстан Сауд Арабиясы менен тиешелүү келишимге кол койду.

КРЭЙГ СМИТ, КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Сауд Арабиясы «жашыл» технологияларды кеңири колдонот. Бизде Астана хаб менен өз ара кызматташтык тууралуу меморандум бар. Сауд Арабиясында күн энергия маселеси абдан өзөктүү. Бул жерде күн панелдеринде калып кеткен кум көп. Биз чоң күн панелдеринин жаңы технологияларын даярдадык.

Foto: www.astanaeconomicforum.org