Казакстандын таттуулары Армения рыногун багындырууда

Казакстанда чыгарылган таттуулар тышкы рынокто суроо-талапка ээ боло баштады. Буга Евразиялык экономикалык интеграция себеп болууда. Мисалы, ата мекендик өнүм Арменияга экспорттолуп келет. Жаңы «таттуу бренддер» жергиликтүү рынокко бир жылдан ашуун убакыт мурда кирген. Керектөөчүлөр Алматы жана Костанай шаарларында жасалган таттуулардын сапатын жогору баалашууда. Даамы тамшандырат, түрлөрү абдан арбын. Армениялык компаниялардын айтымында, башында таттуулар жүктөлгөн бир-эки жүк унаасы гана багыт алса, азыркы тапта алардын катары калыңдаган. Ал эми азыр казакстандык импорттун көлөмү көрүнүктүү өскөн.

АНИ ХАЧАТРЯН, ДИСТРИБЬЮТОРДУК КОМПАНИЯНЫН БӨЛҮМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Болжол менен 700 миң килограмм момпосуй импорттолот. Бул 40-45 жүк унаасына жүктөлгөн товар. Рынокту изилдөө үчүн деп карай турган болсок, бул товар көлөмү укмуштуудай көрсөткүч. 

СИЛВА АРУТЮНЯН, ДҮКӨН МЕНЕДЖЕРИ:

- Казакстандык момпосуйларды болжол менен бир жылдан бери сатып келем. Соода ийгиликтүү. Адамдар даамдуу деп макташат. Өтүмдүү.

Казакстандын кондитердик фабрикаларынын өнүмдөрү ири шаарлар менен бирге, Армениянын алыстагы айылдарына чейин жеткирилди. Ал эми момпосуй түрлөрүн арттыруу аркылуу жеткирүүчүлөр экспорт көлөмүн жогорулатууну көздөп жатат.

Foto: www.dividends.nuz.uz