АЭФ: Бизнестеги жаңы технологиялар

Инновацияларды киргизүү, жасалма интеллект жана чоң маалыматтар. Диджитал-технологиялардын пайда болуусун көп тармактар көрсөтүп жатат. Бул жараяндар ишкелердин көнүмүш бизнес-идеяларын кайрадан түзүүгө мажбур кылууда. Серепчилердин айтымында, санариптик инновацияларды акырындык менен киргизип жаткан компаниялар биринчи кезекте атаандаштыкка туруктуулугун жоготот.

АЛЕКСАНДР ЖОРОВ, BCG КОМПАНИЯСЫНЫН ӨНӨКТӨШҮ ЖАНА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Менин оюмча, атаандаштык биринчи кезекте - бул прогресстин кыймылдаткычы. Бизде канчалык атаандаштык жогору болгон сайын, бизнеске технологиялар да жигердүү түрдө киргизилет. Эгерде кандайдыр бир тармактарда тиешелүү себептерден улам атаандаштык чектелүү болсо, демек акционерлердин дымагы андан жогору болушу шарт. Алар өздөрү тараптан бизнеске технологияларды киргизүүгө түрткү берүүсү зарыл.

BCG (Би-Си Джи) компаниясынын өкүлүнүн айтымында, Астана экономикалык форуму – бул компаниялар үчүн бир гана ишкер өнөктөштөрдү табууга эмес, ошол эле учурда чакан жана орто бизнестеги лидер өкүлдөрдүн технологиялык тажрыйбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

АЛЕКСАНДР ЖОРОВ, BCG КОМПАНИЯСЫНЫН ӨНӨКТӨШҮ ЖАНА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Астана экономикалык форуму – бул бүткүл дүйнөдөн келген серепчилердин ич ара пикир алмашуусу үчүн  мүмкүнчүлүк берген эң сонун аянт. Менин оюмча, бул Казакстандын экономикасын өрчүтүү үчүн абдан маанилүү кадам. Дүйнөлүк даражадагы эң таасирдүү аянт өз ишинин мыкты адистери менен жеке таанышууга жол ачат. Желелик бизнес менен өнөктөштөрдүн ушундай форматтагы жолугушуулары жемишин берип, өз учурунда өлкөнүн өнүгүшүнө таасир берет.

Серепчи инновациялык жактан өзгөрүү экономиканын бардык тармактары үчүн абдан өзөктүү деп эсептейт. Адистин айтымында, техникалык жарылуу Казакстандын дүйнөлүк көчтөн калбай жетилүүсүнүн башкы кепили.