АЭФ: Дүйнөлүк интеграциялык жараяндар

АЭФ: Дүйнөлүк интеграциялык жараяндар

Дүйнөлүк интеграциялык жараяндар. Бул – быйылкы Астана экономикалык форумунда кызуу талкууга түшкөн темалардын бири. Аймактык интеграция жаатында ийгиликке жеткен ЕАЭБ, уюмдун ичинде айланган өнүмдөрдүн сапатын жакшыртуу үстүндө иштеп келет. Азыр биримдиктин ичинде өндүрүлгөн товарлардын 80 пайызы бирдей сертификацияга ээ. Кийинки этап – энергетика тармагы үчүн техрегламент иштеп чыгуу. Айтсак, адистер дагы бир артыкчылыктуу багытты аташууда, ал – адам дараметинин сертификациясы.   

ТИМУР НУРАШЕВ, ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө дүйнөдө  товарлар гана эмес, адамдарды да сертификациялоо жараяны жигердүү жүрүүдө. Эгерде адам өз ишинин чебери аталып, билимдүүлүгүн тактаса, анда өз кезегинде анын колунан чыккан өнүм да бардык талаптарга жооп бере турган болот. Бул тажрыйба өлкөлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда мааниси жогору болот. Ушул багыттагы сертификациялоо маселелери эл аралык тажрыйба менен талаптарга ылайык жигердүү түрдө өнүктүрүлөт.

Кезектеги форумда адамзатты ойлондуруп келген азык-түлүк коопсуздук маселеси сөздүн өзөгүнө айланды. Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтарына ылайык ааламда бир миллиондон ашуун адам тамакка муктаж. Аталган маселени чечүү үчүн дүйнөлүк деңгээлде биргеликте аракет кылуу керек, дешет адистер. Канадалык серепчи Гарри Нанда бул багытта Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгилеп жатат.

ГАРРИ НАНДА, СЕРЕПЧИ, КАНАДА:

- Казакстан азык-түлүктү көбүрөөк өндүрө алат. Бир гана чийки заттык база менен чектелбөө керек. Өлкөдөн дан көп санда экспорттолот, бирок импорттун көлөмү да жогору. Казакстан деңизге жолу жок өлкө экенин билем. Бирок мамлекеттин ээлеп жаткан аймагы чоң жана эмгек ресурстарына бай. Ушул мүмкүнчүлүктү болушунча пайдалануу керек. Ошондуктан ушул жерде дүйнө жүзүндө таңсык табигый таза өнүм өндүрүүнү кенен жолго салуунун мааниси жогору.

11 жылдын ичинде Астана экономикалык форуму дүйнөлүк экономика менен каржы системасын жакшыртуу жана дүйнөлүк маселелерди талкуулоого арналган беделдүү эл аралык аянтка айланды. Жалпы ушул убакытта алакалуу жыйындарга 150 өлкөдөн 50 миңге жакын делегат, анын ичинде Нобель сыйлығынын лауреаттары жана жогорку даражалуу чет өлкөлүк саясий ишмерлер катышты.  

Фото: eadaily.com