АЭФ өз ишин улантууда

АЭФ өз ишин улантууда

Казакстандын борборунда Борбор Азиядагы эң ири ишкердик окуя – Астана экономикалык форуму өз ишин улантууда. Бүгүн таасирдүү диалог аянтында туруктуу өнүгүү максаттары, жасалма интеллект, «индустрия 4.0» өнөр жай төңкөрүшү, ааламдык инвестициялар, «жашыл» экономика жана башка өзөктүү маселелер боюнча сөз болуп жатат. Форумдун катышуучуларынын бири, эл аралык консалтингдик компаниянын төрагасы Ханс-Пол Бюркнердин айтымында, иш жүзүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кирүү милдети өлкө үчүн иш жүзүнө аша турган максат. Ал эми АЭФ бул жараянды тездетет. Мындан сырткары форум жаңы беделдүү тааныштар менен байланыштырып, келишимдерге коюп, келечектүүү өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет

ХАНС-ПОЛ БЮРКНЕР, «BOSTON CONSULTING GROUP» ЭЛ АРАЛЫК КОМПАНИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Эң биринчи АЭФ Казакстандын экономикасы үчүн кубаттуу драйвер.  Мамлекеттик сектор, маданият, жаңы өндүрүш, бизнес жана бардык нерсе борбордо өтүп жаткан ушундай жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан таптакыр мыкты жакка өзгөрүп жатат. Аталган форум дүйнөлүк экономикадагы чыр-чатактарды ар тараптан кароого мүмкүнчүлүк берет. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, бул жерде Кытай, Орусия, Түндүк Америка жана Европадан делегаттар бар. Жаңы идеялар, милдеттер, тажрыйба алмашуу. Ушулардын бардыгы Казакстан үчүн баа жеткис.

Фото: chinadaily.com.cn