Астана экономикалык форуму

«Казакстан жана ааламдык дүйнө, чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөр». Нур-Султан шаарында өтүп жаткан кезектеги Астана экономикалык форумунда ушундай аталыштагы биринчи талдамалык сереп жасалды. Ал жерде мыкты үлгүдөгү эл аралык тажрыйбалардын негизинде өлкөнүн өнүгүшүнө тиешелүү ата мекендик жана чет өлкөлүк серепчилердин изилдөөлөрү чогулган.

МУХТАР КҮЛЖАН, РК ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИ АДИСИ:

- Талдамалык серебибизди Казакстанга мүмкүнчүлүктөр терезеси деп айтсак болот. Анын ичинде урбанизация суроолоруна, шаар менен айылдын өнүгүшү маселеси бар. Экинчиден, адам капиталынын өсүшүнө байланыштуу. Үчүнчүдөн санариптештирүү маселелери, азыр 4-өнөр жайлык төңкөрүш кезинде өмүр сүрүп жатабыз. Ошондуктан Казакстан ушул санариптештирүү маселесине терең маани берет.

Казакстандын дүйнөлүк көчкө илешүүсүн камсыз кылуудагы Астана эл аралык каржы борборунун үлүшү басымдуу. Коллегиялык жыйынга катышкан чет өлкөлүк адистердин пикири ушуга жетелейт. Айтылуу борбор өлкө рыногуна сырттан каржы тартып, чет өлкөнүн жетекчи компаниялары менен жакындан иштешип келет.

PAUL PULLINGER, КОНСАЛТИНГДИК КОМПАНИЯНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин компания эки максатты көздөйт. Анын бири АЭКБ жаңыдан келген компанияларга Казакстан рыногунун катышуучусу аттанып, өлкө экономикасынын өсүшүнө өз салымын кошууга жардамдашуу. Бул айрыкча, чакан жана орто бизнес үчүн абдан өзөктүү. Ушуга кошо Казакстанга каржы салууга кызыктар чет өлкөлүк инвесторлорун тартуу.

Евразия мейкиндигинде таасирдүү маек жана ишкердик аянтына айланган быйылкы жолугушууда «Шыктандыруучу өсүш: адамдар, шаарлар, экономикалар» деген теманын айланасында талкуу болду. Форумдун алкагында дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан 11 маселе тегерегинде сөз козголду. Алакалуу жыйындын алкагында өткөн 50дөн ашуун сессия менен иш-чарада 100гө жакын спикер сөз сүйлөйдү. Нобель сыйлыгынын лауреаттары, саясат, экономика тармагынын инсандары менен дарстар жана жолугушууларды уюштуруу каралган.

Фото: bta.bg