Казакстан – Азербайжан: Туризм тармагындагы кызматташтык

Казакстан эл аралык туризмдин чордонуна айланууда. Көп сандагы чет өлкөлүктөр Алматы облусунун берметтери катары саналган Чарын каньонун, “Көк-Төбө” жана “Гунндар” этно айылдарын кыдырууга кызыктар. Бүгүнкү күндө Азербайжандын турфирмалары Казакстан боюнча жаңы турларды ачып жатышат. Биринчи маршрут кулжа айынын он бешине мерчемделди. Азербайжандык серепчилердин айтымында, Улуу талаа өлкөсү саякатчылар үчүн эң тартымдуу багыттардын бири.

РАХМАН ГУЛИЕВ, ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Казакстан туристтик инфраструктураны жакшыртуу багытында алгылыктуу иштеп келет. Өлкө географиялык жактан да ыңгайлуу жайгашкан. Чыгыштан да, батыштан да туристтерди тартууга болот. Азербайжан тарабынан суроо-талаптын өсүшү менен аба каттамдардын саны өсүп, баалары да атаандаштыкка туруктуу болот деп ойлойм.

Азербайжан борбору Баку менен Алматы шаарынын ортосунда жумасына бир жолу учак каттайт. Бул туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет, дешет адистер. Ошентсе да, суроо-талап сунуштан жогору. Туристтик фирмалардын маалыматы боюнча, Казакстан багытында көбүнчө туристтер топ-топ болуп саякат жасаганды туура көрүшөт.

РАХМАН ГУЛИЕВ, ТУРИЗМ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Албетте биздин өлкө менен ортодо ишкердик туризм жакшы жолго салынган. Анткен менен жөнөкөй жарандарды эс алуусун Казакстанда өткөрүүгө кызыктыруу керек. Ушул максатта жакында Баку-Алматы-Баку каттамы ачылды. Ал саякатчыларды Казакстандын көрүнүктүү шаарларынын бирине жеткирет.

Бир сапардын алкагында саякатчылар Алматы шаарынан башка Казакстандын борборун да көрө алышат. Азыркы тапта тиешелүү сунуш даярдалды. Жалпы жыл сайын 4 миллиондон ашуун азербайжандык чет өлкөлөргө саякаттайт. Көпчүлүгү эс алуу убакытын жай мезгилине мерчемдешет.