Чакан жана орто бизнестин үлүшү өсүүдө

Казакстандык чакан жана орто бизнес жигердүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү анын үлүшү 29 пайызга жакындайт. Алдыдагы 10 жыл ичинде аны 35 пайызга жеткирүү көздөлгөн. Өлкөдө ишкердиктин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ал үчүн мамлекеттик колдоо программалары, пайыздык өлчөмдөрү төмөн насыя жана гранттар каралган. Мисалы, өлкөнүн башкы шаарында чакан жана орто бизнес объекттеринин саны 125 миңден ашат. Эң  көп таралган бизнес түрү – соода, кызмат көрсөтүү жана жеңил өнөр жай ишканалары.

АДИЛЕТ ТИЛЕПОВ, ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- «Бизнестин жол картасы» программасынын алкагында чакан ишкердик субъекттерине 3 миллион теңгеге чейин жаңы бизнес-идеяларды сунуштоо үчүн мамлекеттик гранттарды берүү сынагы башталды. Өтүнмөлөр бугу айынын 24нө чейин кабыл алынат.

Ал эми өлкөнүн эң ири шаарларынын бири Алматынын экономикасындагы чакан жана орто бизнестин үлүшү жыл башынан бери 40 пайызга өскөн. Өткөн жылы 100 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү грантты 100 ишкер ээлесе, быйыл ушундай жардам 800 бизнес долбоорго берилет. Ал эми жаштар жылына карай өз ишин ачам деген 18-29 жаш аралыгындагы ишкер жарандарга атайын грант каралган.

ТЫНЫШКАЛИ  САБЕН, ШААРДЫК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН КАРЖЫЛАЙ ЭМЕС КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БӨЛҮМҮНҮН СЕРЕПЧИСИ:

- Жумуш менен камсыз кылуу борборго арызын калтырып, жеке ишкер катары катталып, ошол жактан үч айлык курстан өтүп, биздин ишкерлерге кызмат көрсөтүү борборунда бизнес планын жасатууга болот. Кайсы багыт азыркы тапта суроо-талапка ээ аны комиссия караштырат, бизнес долбоорун ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Өлкө аймактарында да ишкердик кенен кулач жайып келет. Актөбө облусунда 68 миңден ашуун чакан жана орто бизнес субъекти катталган. Былтыркы жыл менен салыштырганда туруктуу жана жигердүү иштеп жаткандары 10 пайызга өскөн. Бул тармакта эмгектенгендердин саны 139 миңге жакындайт. Былтыр аймактагы ишкердик объекттери 876,5 миллиард теңгелик өнүм өндүрүп кызмат көрсөтүшкөн.

ГҮЛШАТ БЕРКАЛИЕВА, АКТӨБӨ ОБЛУСТУК ИШКЕРДИК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Облуста «Бизнестин жол картасы – 2020» жана «Натыйжалуу жумуш менен камсыз кылуу жана жапырт ишкердикти өнүктүрүү» программалары ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Быйыл программаларды ишке ашырууга 7 миллиард теңге багытталат. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 2 миллиард теңгеге көп. Миңдеген ишкерге колдоо көрсөтүлөт.

Өлкөдө «Жөнөкөй заттардын экономикасын» өнүктүрүүгө да ишкерлер өз салымын кошот. Ушул багытта 600 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул каржынын 200 миллиард теңгеси агро өнөр жай тармагына багытталса, калганы экономиканын артыкчылыкка ээ тармактарына бөлүнөт.

Фото: absoluttv.ru