Чымкенттеги трансформатор заводу экспортко өнүм чыгарат

Чымкенттеги авто жана май трансформаторлор, ошондой эле реактор чыгара турган завод өнүмдүн жарымына жакынын  экспортко чыгарууну көздөп жатат. Негизги рынок катары Иран, Ооганстан, Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, КМШ өлкөлөрү каралууда. Бул – трансформатордук  түзмөктү жасоо боюнча Борбор Азиядагы эң ири завод. Ишканада 110дон 500 киловольтко чейинки чыңалууга чыдай турган электр-энергетикалык орнотмолор чогултулат.

ЕРКЕБУЛАН ИЛИЯСОВ, ЗАВОДДУН ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бүгүнкү күндө заводдо жаңы технологиялар менен орнотмолор колдонулат. Украинада «Всероссийский институт трансформаторостроения» деген институт бар. Ошол институттун технологиясы менен биргеликте заводду ишке кошуп жатабыз. Биринчи трансформаторду Түркестан облусунун Сарыагаш районуна коёбуз.

БАКЫТЖАН КАЖИЕВ, ЭЛЕКТР ЖЕЛЕЛЕРИН БАШКАРУУ БОЮНЧА КОМПАНИЯНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Албетте трансформатор, реакторлор Казакстанда өндүрүлүп жаткандан кийин башка мамлекеттерден сатып албастан, өзүбүздүн өлкөбүздөн алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул жердин сапаты менен баасы айкалышып турса, албетте, биз Казакстанда жасалганын алабыз. Биз ушул жерден 6 реактор 500 КвТ сатып алууну мерчемдеп жатабыз.

Заводдун кубаттуулугу – жылына 120 трансформатор. Долбоор “Индустриалдык-инновациялык өнүгүүнүн 2015-2019-жылдарга арналган мамлекеттик программасынын» алкагында ишке ашты.

Фото: otyrar.kz