XII Астана экономикалык форумуна Нурсултан Назарбаев катышты

XII Астана экономикалык форумуна Нурсултан Назарбаев катышты

Нур-Султанда ХІІ Астана экономикалык форуму башталды. Форумдун ачылыш аземине Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. Форумга дүйнөнүн 74 өлкөсүнөн серепчилер, саясатчылар, бизнесмендер жана окумуштуулар катышууда. Жалпы 5 миңден ашуун делегат. Уюштуруучулардын айтымында, казакстандык жана чет өлкөлүк ЖМКлардын саны 710дон ашты. Алар 30 өлкөнүн өкүлдөрү. Панелдик сессияларда катышуучулар адам капиталы, агломерация, кайра жанма энергия, венчурдук фонддорду түзүү жана экономикалык өнүгүү маселелерине токтолушат. Эскерте кетсек, Астана экономикалык форуму – Евразияда жыл сайын өткөн борбордук ишкердик окуя. 11 жылдын ичинде аталган форум ден соолукту чыңдоо, дүйнөлүк экономиканы жана каржы системасын өнүктүрүү боюнча эң таасирдүү эл аралык аянт макамына ээ болду.