Казакстан-Польша кызматташтыгы

Казакстан-Польша кызматташтыгы

Казакстан менен Польша өз ара кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүдө. Бүгүнкү күндө эки өлкө – стратегиялык өнөктөш. Серепчилердин айтымында, акыркы жылдары эки жактуу карым-катнаш жаңы деңгээлге чыккан. Муну статистикалык маалыматтардан да байкоого болот. Мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 2 миллиард 200 миң еврону түзгөн. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 80 пайызга көп. Казакстан менен Польша соода- экономикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыктар. Айыл чарба, унаа куруу, туризм, ошондой эле, унаа жана логистикалык тармак келечеги жаркын багыттар.

ЯЦЕК ЧАПУТОВИЧ, ПОЛЬШАНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Биз эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Алардын бири – транспорттук-логистикалык секторду өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү болду. Жибек жолу Казакстан менен Польша аркылуу өтөт. Бул багытты өнүктүрүү үчүн бизге жол, темир жол байланыштарын бириктирүү керек. Биз Азиядан келе турган товарлар үчүн биздин Гданьсктагы портту пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгодук.

Казакстан – Польшанын Борбор Азиядагы маанилүү шериктеши. Акыркы маалыматтар боюнча, 200 поляк компаниясынын тандоосу Казакстанга түшүп, Европанын тандалган технологиясын киргизип, жаңы жумуш орундарын ачкан. Эки өлкө ортосундагы соода-сатык да жигердүү өнүгүп келе жатат. Демек, биргелешкен долбоорлордун саны алдыдагы убакытта өсөт.