Балык чарбачылыгынын экспорттук мүмкүнчүлүгү

Балык чарбачылыгынын экспорттук мүмкүнчүлүгү

19 миң тонна. Бул – Кызылордо облусунда иштеген 7 балык иштетүү чарбачылыгынын жалпы кубаты. Алардын бардыгы бүгүнкү күндө алыс-жакын чет мамлекеттерге өнүм экспорттоп жатат. Импорттоочулардын катарында Кытай, КМШ жана Европа өлкөлөрү бар. Экспорттук мүмкүнчүлүктү жыл сайын жогорулатып жаткан ишканаларды чийки зат менен камсыз кылуу максатында аймактан кичи Аралга 15 миллион чабак жиберилип жатат. Суу берметтерин коргоо максатында гидроакустикалык орнотмо коюлат.

ТЫНЫСБЕК БАРАКБАЕВ, «БАЛЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУ» АРАЛ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Эгерде ушул долбоорду жылдын аягына чейин бүтүрө турган болсок, кийинки жылдан баштап балык куткаруу гидро түзмөгү пайда болот. Тактап айтканда, сөз гидроакустика тууралуу болуп жатат. Бул атайын түзмөк, бул жеке эле көлмөнүн жашоочуларын сактоого жардам бербестен, ихтиофаунаны түрлөндүрүүгө да салым кошот. Долбоорго Аралды сактоо фонду колдоо көрсөттү.

Кызылордо облусунун Арал районунда деңизден башка жыйырма көл бар. Алардан да балыктын он төрт түрү кармалат. Тармак адистери суу бермети фондун байытуу ыңгайлуу эко системаны сактап калуунун маанилүүлүгүн белгилешет.

КУДАЙБЕРГЕН САРЖАНОВ, ТАРМАК АРДАГЕРИ:

- Акбасты менен Куландынын ортосунда чакан канал бар. Эгерде ал жерге шлюз коюп, ошол жерге чейин суу деңгээли көтөрүлсө, ашкан суу чоң деңизге кетпей, канал аркылуу Тушыбаска багыт алат. Эгерде ал толсо, суу Камбаш көлүнө агат. Азыр лимит боюнча жылына 400-300 тонна балык таап жатам. Эгерде системаны жакшыртсак олжону миңге чейин жеткирүүгө болот.

Акыркы 19 жылдын ичинде Аралдан балык уулоо көлөмү жыйырма эсеге өстү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөдөн 5 миң 400 тоннага жакын балык ар кандай абалда дүйнөлүк рынокторго багыт алган.

Фото: rusfishexpo.com