Казакстан жана Венгрия: Кызматташтык келечектери

Казакстан менен Венгрия инвестициялык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн издөөдө. Буга Казакстан-Венгрия түз инвестициялык фонду колдоо көрсөтөт. Анын жардамы менен бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, Актөбө облусундагы жогорку технологиялык күнөскана комплексинин курулушун жана Жамбыл облусундагы алма бак түптөө долбоорлорун атоого болот. Венгриянын Казакстан менен кызматташуусунун келечеги кандай? Бул тууралуу «Kazakh TV» телеканалына берген эксклюзивдүү маек учурунда Венгриянын премьер-министринин орун басары, каржы министри Михай Варга айтып берди. 

Фото: Reuters