Казакстан менен Орусия дарыя аркылуу жүк ташуусун жогорулатат

Казакстан менен Орусия дарыя аркылуу жүк ташуу көлөмүн алгылыктуу көбөйтүүнү көздөп жатат. Эки тарап Евразиялык экономикалык комиссиясынын инфраструктура жана транспорт боюнча Консультативдик комитеттин 16-отурумунда суу транспорту боюнча маселелерди талкуулоого даярданып жатат. Айта кетсек, Иртышта жаңы навигация сезону башталды. Дарыя Батыш Сибирь менен Казакстандын чыгышын бириктирет. Суу жолдору аркылуу коңшу Орусияга шагыл, техникалык туз, инерттүү материалдар ташылат. Быйылкы жылы Сибирге 12 миң тонна туз жөнөтүү мерчемделип жатат.

ЕРЛАН МИТЕНОВ, ДАРЫЯ ПОРТУНУН БАШКЫ ИНЖЕНЕРИ:

- Ары карай биз жыгач жөнөтөбүз. Быйылкы жылы 8 миң кубометр жыгач, болжол менен 150 миң тонна шагыл жүктөйбүз. Мунун баары Орусия Федерациясына барат. Аны менен катар 800-840 миң кубометр кум казабыз. Дарыя куму Казакстан үчүн өндүрүлөт.

Жаңы сезонго дарыя порту тыкыр даярдалды. Жүк көтөрүүчү техникалар менен сүзүүчү крандардын бардыгы оңдоодон өттү. Жайы бою санаасыз иштөөгө мүмкүнчүлүк жогору. Келечекте суу жолдорунун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында акимчилик тоскоолдуктарды оптималдаштырууну көздөгөн.

ТӨЛЕГЕН КҮЛЖАН, ПАВЛОДАР ДАРЫЯ ПОРТУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бугу айынын жыйырма биринде Москва шаарында Евразиялык комиссиянын чоң отуруму өтөт. Инфраструктуралык жана суу транспорту боюнча чакан комиссия отуруму өтөт. Андагы көтөрүлө турган эң биринчи маселе суу транспорту тармагындагы мыйзамды координациялоо, чакан суу унаасындагы тоскоолдуктарды жоюу.

Евразиялык экономикалык биримдикке катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы «Кеме сүзүү боюнча келишимди координациялоо мыйзамы» көптөгөн маселелерди оптималдаштырат деп күтүлүүдө. Айрыкча, казакстандык жана орусиялык кемелерге Зайсандан Обь булуңуна чейин эркин жүрүүгө шарт түзүүнү талкуулашат.

Фотоprime-logistics.org