XII Астана экономикалык форуму

XII Астана экономикалык форуму

Дүйнөлүк серепчилердин эң абройлуу аянттарынын бири болгон Астана экономикалык форумунда кайрадан дүйнөлүк лидерлер жана алдыңкы эл аралык серепчилер чогулат. Ушул жылдын эң маанилүү иш-чарасы бугу айынын 16-17синде Нур-Султанда өтөт. Бул жылы форумдун темасы – “Шыктандырган өсүш: адамдар, шаарлар, экономикалар” деп аталат. Серепчилер туруктуу өсүштүн жаңы жолдорун, адам капиталынын өнүгүүсү, шаарлардын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү сыяктуу темаларды талкуулашат. Жалпы 50 сессия каралган. Жыйынга беш миңдей адам катышат деп күтүлүүдө.

ШОКАН ОРАЗБЕКОВ, УЮШТУРУУЧУ:

- Быйыл биз жыйындын темалык контентине терең маани бердик. Өткөн жылдардагыдай дүйнөлүк деңгээлдеги серепчилердин акыл-кеңештери менен сунуштары болот. Экинчиден, экономикалык изилдөө институтунун изилдөөлөрү тааныштырылат. Алардын башкы максаты Казакстандын өнүгүшүнө тиешелүү маселелерди тереңирээк изилдөө катары саналат. Ага Кытай, АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн инвесторлору чакырылды. Чоң келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө. Салттуу жолугушуу өлкөбүздүн ивестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.

АЭФ жыйынтыгы боюнча Нобель лауреаттары менен жетекчи серепчилер Казакстандын экономикалык жана коомдук саясатын жакшыртууга тиешелүү пикирлери менен бөлүшүп, кеңеш берет. Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн отурумдардын сунуштары дүйнөнүн экономикалык тартибине өз таасирин тийгизет. Мисалы, жыйынтыктар G8 жана G20, ЭКОСОС сыяктуу бир катар дүйнөлүк аянттарда эске алынган. 2012-жылы өткөн БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясында да АЭФ көтөргөн маселелер көңүл сыртында калган эмес.

Фото: inform.kz