Грузия казакстандык буудай импортун жогорулатууну мерчемдеп жатат

Казакстанда дандын дээрлик жарымы экспорттолот. Серепчилер үстүбүздөгү агро мезгилинде экспорт көлөмү 9,5 миллион тоннага жетет деп болжолдоп жатышат. Бүгүнкү күндө казакстандык айыл чарба өнүмдөрүнүн басымдуу бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Жүк жүктөлгөн вагондордун эң көп бөлүгү Өзбекстан багытына тиешелүү. Тажикстанга да масштабдуу көлөмдө дан экспорттолот. Ата мекендик аграрчылардын өнүмдөрүнө Кытай Эл Республикасы тарабынан да суроо-талап жогору. Аны менен катар, Грузия казакстандык буудайдын импортун жогорулатууга кызыктар болуп жатат. Жакында эки тарап дан ташуусуна субсидия бөлүү тууралуу иш-чараларды кабыл алууга келишти.

ЛЕВАН СИЛАГАВА, ГРУЗИЯ ДАН ЖАНА НАН ӨНҮМДӨРҮ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул атаандаш баа менен буудай жеткирүүнүн жакшы куралы катары саналат. Казакстандан Грузияга дан Орусия Федерациясы жана Азербайжан аймагы аркылуу өтөт. Бардык чек араны өткөндө ташууга канча чыгаша кетерин жана анын кайсы бөлүктөрүнө субсидия бөлүнөрүн түшүнүшүбүз керек. Ошол кезде баасы канчалык арзандарын билебиз.

Грузия жылына болжол менен жети жүз тоннага жакын буудай керектейт. Өнүмдүн 90 пайызы өлкөгө чет өлкөдөн жеткирилет. Азырынча Грузияны буудай менен негизинен Орусия камсыз кылып келет.

МАЛХАЗ ДОЛИДЗЕ, ГРУЗИЯ НААБАЙЧЫЛАР БИРИМДИГИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бул буудай рыногун турукташтырат. Ал эми бул өз кезегинде нандын баасына таасир берет. Орусия менен Казакстандын буудайын аралаштырып ун тартсак өнүмдүн сапаты да жогорулай түшөт. Грузияда ата мекендик дан өндүрүшүн жогорулатуу үчүн ар кандай программалар ишке ашырылууда. Бирок, өлкөнүн өзүнүн ички талаптарын канааттандыруу үчүн көп жылдар керек.

Грузияда көптөгөн серепчилер буудай импортунун өсүшүн колдойт. Алар Казакстандан жеткирилген дандын баасы да пайдалуу жана сапаты жогору болоруна ишенишет.