Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Казакстан соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүүдө. Республикада түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, салыктык жана визалык жеңилдиктер чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусун жаратып жатат. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Венгрия Казакстанга 200 миллион доллар көлөмүндө инвестиция салган. Ал эми эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өткөн жылы жана ушул жылдын биринчи кварталында 155 миллион долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө өлкөдө Венгрия капиталынын катышуусу менен 60тан ашуун ишкана иштейт.

КАЙРАТ ТӨРЕБАЕВ, КР УЭМ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө биздин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен суу ресурстарын башкаруу тармагында болжол менен 3 меморандумга кол коюлду. Венгрияда сууну тазартуу жана анын жоюлуп кетүүсүн азайтуу тажрыйбасы бар. ВАрга мырза бизнесмендерге түз биргелешкен ишканалар менен сатуу рыногун Казакстанда гана эмес, бүткүл Борбор Азияда, КМШ жана Евробиримдикте ачуу тууралуу түз нускамаларды берди.

Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Нью-Йорк соода палатасы аянтында жергиликтүү ишкерлерге тааныштырылды. Казакстандын башкы консулу Жанибек Абдирашов катышуучуларга инвестиция тартуудагы жаңы ыкмалар жана инвесторлор менен иштеген аймактык хабга айлана турган Астана эл аралык каржы борбору тууралуу баяндады. Өткөн жылы Казакстанга салынган инвестиция көлөмү 15,8 пайызга өсүп 24 миллиард долларга жеткен.

ЖАНИБЕК АБДИРАШОВ, КР НЬЮ-ЙОРКТОГУ БАШКЫ КОНСУЛУ:

- Америка бизнеси тарабынан кызыгуу бар, бул багытта Казакстанда жакшы механизм курулганы маанилүү. Координатор Кеңеш инвесторлордун өлкөдө пайда болгон бардык маселелерин чечүү менен алектенет. Бул жердеги биздин максатыбыз бир гана ири бизнести эмес, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү бар чөйрө жана чакан бизнести багыттоо болуп жатат. Алар каражатын башка өлкөлөргө салып жүрүшөт, анткени Америка кенен рынок, ал эми Нью-Йорк дүйнө деңгээлиндеги номур биринчи каржы борбору. Бул жерде абдан көп компания бар.

Түркиялык ишкерлер да Казакстан менен экономикалык байланышты бекемдөөгө кызыктар. Алар эмерек өндүрүшү, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана альтернативалык энергия тармактарына басымдуулук беришет. Ишкерлер өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берип жатышат. Ошондой эле, англис укугу нормалары негизинде иштеген «Астана» эл аралык каржы борбору да көңүлдөн сырт калган жок.

ХИКМЕТ ЭРЕН, ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК КАРЫМ-КАТНАШТАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Казакстан – Евразия  мейкиндигинин дарбазасы, бүткүл түрк коомчулугунун бешиги. Биз үчүн мааниси жогору. Өлкөнүн көз карандысыздыкка ээ болгонуна 27 жыл толгонуна карабастан, азыркы тапта аны бүткүл дүйнө тааныйт. Жер көлөмү жагынан алганда, дүйнө боюнча 9-орун алуусу жана казуу байлыктарынын көп түрдүүлүгү менен да дүйнөнүн назарын буруп келет. Түрк эли да ишкерлери, өндүрүш тармагы жана инвесторлорго бай өлкө. Ишкерлерибиз бир катар мамлекеттерге  инвестиция салган.

Жалпы Казакстанда негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын үчтүн–бирдин айларында 3,5 миллиард долларга жакындаган. Бул 2018-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 4,2 пайызга көп. Ал эми 2022-жылга карай Казакстан 118 миллиард долларга түз чет өлкөлүк инвестиция тартат деп мерчемделип жатат. Анын ичинде 24,6 миллиард АКШ доллары эффективдүүлүктү жогорулатууга багытталган түз чет өлкөлүк инвестицияларга тиешелүү болот.