Казакстан менен Кытайдын карым-катнашы жигердүү түрдө өнүгүүдө.

Казакстан менен Кытайдын карым-катнашы жигердүү түрдө өнүгүүдө. Эки жактуу кызматташтык жылдан-жылга күчөп жатат. Эки мамлекеттин ортосунда өз ара соода-сатыктын оң жараяны байкалат. Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан Кытайга 430 миллион долларга жакын өнүм жеткирген. Мисалы, Кытай Эл Республикасында казак даны суроо-талапка ээ. Казакстан 562 миң тонна буудай экспорттогон. Үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү мерчемделген.                                     

ШАХРАТ НУРЫШЕВ, КАЗАКСТАНДЫН КЫТАЙДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Биз акыркы 3-4 жылда айыл чарба өнүмдөрүн Кытайга жиберүү боюнча 13 документке кол койдук. Тактап айтсак, анын ичинде уй эти, кой эти да, буудай менен беде жана рапс бар. Азыркы тапта айрым өнүм түрлөрүн жөнөтүү башталды. Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө 180ге жакын ата мекендик ишкананын өз товарларын кытайлык рынокко чыгарууга уруксаты бар.

Аны менен бирге, Кытай Казакстандан жез менен коргошун сатып алат. Казакстандык газга да кызыгуу өсүп жатат. 2018-жылы ташуу көлөмү болжол менен 6 миллиард кубо метрди түзгөн. Кытайда суроо-талап жогору болгондуктан казакстандык товарларды сатуу борборлору курулуп жатат. Алардын бирөө тогуз провинциянын бириккен жери – Ухань шаарында салынат.

У ГУАНМИН, ЭЛ АРАЛЫК ЛОГИСТИКАЛЫК КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ / КЫТАЙ:

- Алматы шаарында биздин компаниянын бөлүмү иштейт. Ал аркылуу биз Казакстан менен мыкты карым-катнаш орноттук. Эми алдыдагы убакытта Ухань шаарында казакстандык борборду салууну мерчемдеп жатабыз. Бул жерде казак жеринен келген эң мыкты, эң сапаттуу товарлар жайгаштырылат. Кийин бардык Кытайга сатабыз деп мерчемдеп жатабыз.

Кытай казакстандык бал өнүмүнө да кызыгып жатат. Өткөн жылдын күзүндө ал жакка  эки партия бал жиберилген. Ал эми быйыл жалган куран айында Кытай Эл Республикасына 250 тонна бал экспорттолгон. Белгилей кетсек, былтыр Чыгыш Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 510 миллион доллардан ашкан. Анын ичинде экспорт көлөмү 308 миллион долларды түзөт.

ВАЛЕРИЙ КАСЫМБАЕВ, РЕСПУБЛИКАЛЫК БАЛ ЧЕЛЕКЧИЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Темир жол аркылуу контейнер, башкача айтканда, вагон жибердик. Зимунай аркылуу унаа менен жөнөттүк. Азыр эки партия кетти. Бардыгы керектөөчүлөргө байланыштуу. Айрыкча, Кытай тарабынан болгон суроо-талаптын мааниси жогору. Америка, Монголия сыяктуу өлкөлөр менен да ишкердик карым-катнаш орнотуп жатабыз.

Эки өлкөнүн адистери «Нурлуу жол» менен «Бир алкак, бир жол» долбоорлорунун байланыштуулугунун аркасында Казакстан менен Кытай мамлекеттери товар жүгүртүүсүн мындан ары көбөйтүү боюнча мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна ишенимдүү.