Казакстан-Кытай: Биргелешкен долбоорлор

Казакстандын унаа-транзиттик дарамети чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачып жатат. Өлкө эл аралык коридордун маанилүү катышуучусуна айланды. Ушул багыттагы ийгиликтүү өнүгүүдө казакстандык «Нурлуу жол» программасы менен кытайлык «Бир алкак, бир жол» демилгесинин айкалышуусу өз кызматын аткарууда. Белгилей кетүүчү жагдай, «Батыш Европа – Батыш Кытай» коридорунун бир бөлүгү Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Анын узундугу болжол менен сегиз жарым миң чакырымды түзөт. Бул - Кытайдан Европага, Борбор Азияга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө алып бара турган кыска жол. Товарлар көздөгөн жерине эки жумадан аз убакыттын ичинде жеткирилет. 2018-жылы транзит көлөмү 19 миллион тоннадан ашып, өсүш көрсөткүчү 6 пайызды түздү.

ЧЖАН СЯО, КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Салыштыра турган болсок, 2011-жылы Кытайдан Европага Казакстан аймагы менен миңдей контейнер жеткирилген. Ал эми 2017-жылы алардын саны 200 миңге жетти. Башкача айтканда, 6 жылдын ичиндеги өсүш 200 эсе болду.

Транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү тышкы соода жүгүртүүсүн жогорулатууга да таасир берди. Тактап айтканда, өткөн жылы Казакстан менен Кытайдын ортосундагы алыш-бериш бир жарым миллиард долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык аймагы аркылуу 120 миң тоннадан ашуун жүк ташылган. Көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө мультимодалдык ташуулардын өнүгүшү жана кургак порттук долбоорлор менен «Нур Жолу» өткөрүү пунктунун натыйжалуу кызматы өз таасирин тийгизди.

ГАБИТ ОРАЗОВ, ОБЛУСТУК МАМЛЕКЕТТИК КИРЕШЕЛЕР ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАЖЫЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН М.А:

- Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталы боюнча Кытай менен Казакстандын ортосундагы сырткы товар жүгүртүүсү Алматы облусу боюнча 281 миллион долларды түздү. Ал эми 2018-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 105 миллион долларды түзгөн. Биз жигердүү өсүшкө күбө болуп жатабыз.

Серепчилердин пикиринде, трансконтиненталдык унаа коридорлорунун келечеги жаркын. Ушул багытта Кытайдын «Бир алкак – бир жол»  демилгеси Евразиялык биримдиктеги бардык шериктештер үчүн абдан пайдалуу.

АРКАДИЙ АМЕЛИН, «ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ОРУСИЯ» РБК ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин өлкөлөрүбүз ушул багытта өнөктөш болгондуктан транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалана алат жана пайдаланууга милдеттүү. Эгер Кытай Эл Республикасы менен Европаны кошо турган ушул унаа коридорун куруп алса, бардык тараптар, Орусия, Казакстан, Кытай, Европа мамлекеттери да утулбайт. Себеби, бул алда кайда кыска багыт. Аны менен катар, жүктөрдү жеткирүүгө кеткен убакыт да кыскарат. Демек, бардык тараптар үчүн экономикалык жактан пайдалуу.

Батыштан Чыгышка жана кайра артка кайткан багытта Казакстан аймагы менен өтө турган транзиттик агымдарды көбөйтүү үчүн Транскаспий эл аралык унаа багытын өнүктүрүү боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө казакстандык порттордун кубаттуулугу да жогорулатылган. Маалыматка ылайык, Актау жана Курык портторунан жүк жүктөп, түшүргөн комплекстердин жалпы кубаттуулугу жылына 26 миллион тоннаны түзөт. Серепчилердин пикиринде, Казакстан кургактагы жүк ташуу тузагынан чыгып, эл аралык унаа хабына айланды.

Foto: www.forbes.kz