Инвестициялык кызматташтык

Инвестициялык кызматташтык

Казакстан – Борбор Азия аймагындагы лидер мамлекеттердин бири. Туруктуулук менен жигердүү экономикалык өнүгүүнүн аркасында өлкө чет өлкөлүк инвестиция үчүн абдан тартымдуу экени белгилүү. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Орусиядан тартылган инвестиция көлөмү 34 пайызга өскөн. Ал эми өлкөнүн биргелешкен ишканаларынын саны акыркы 3 жылда 63 пайызга өстү. Аны менен катар, Казакстан менен Орусия орток инвестициялардын көлөмүн 1 миллиард 2 миллион долларга жеткирүүгө кызыктар. Бул каржы эки өлкөнүн өндүрүштүк кооперациясы программасында каралган жана ал иштеп жаткан, жаңыдан түзүлгөн биргелешкен казакстандык-орусиялык  ишканаларды өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле, Казакстан аймагында айыл чарба, жүк жана жеңил техника кураштыра турган завод салууга басымдуулук берилет.

НИКИТА МЕНДКОВИЧ, ЭЛ АРАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ОРУСИЯ КЕҢЕШИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Азыркы кезде Казакстанда орусиялык капиталдын катышуусу менен 9 миңден ашуун ишкана иштеп жатат. Алардын үчтөн бири – биргелешкен ишканалар. Анын ичинде терең иштетүү ишканаларынын, айрыкча, унаа өнөр жайынын мааниси өзгөчө. Алдыда жогорку даражада локализациялаштырылган унаа жасоо ишканаларын курууга басымдуулук берилет. Автоунаа, станоктор, башка да техника сыяктуу. Бул Нурсултан Назарбаевдин кайрылууларында айтылган максат-милдеттери менен дал келет жана ушул багыттагы долбоорлорго орусиялык капиталды багыттоого кызыгуубуз бар. Ушунун баары бирдиктүү эмгек, капитал жана товарлар рыногунун калыптануусунун аркасында болот.

Инвестициялык тармактагы Казакстан менен Түркия кызматташтыгынын мүмкүнчүлүгү да жогору. Аталган мамлекет республиканын стратегиялык инвесторлорунун катарына кирет. Белгилеп айта турган болсок, Түркиянын өлкөгө багытталган түз инвестицияларынын көлөмү 3 миллиард 200 миллион долларга жеткен. Ушул убакытка чейин түрк компаниялары жалпы наркы 23 миллиард долларга жакын беш жүздөй долбоорду ишке ашырган. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү бүгүнкү күндө болжол менен 2,5 миллиард долларды түзүп жатат. Ал эми алдыдагы жылдары бул көрсөткүчтү 5 миллиард, келечекте 10 миллиард долларга жеткирүү көздөлгөн. Эки өлкөнүн кызматташтыгына 2017-2020-жылдарга арналган «Жаңы синергия» түрткү берет деген үмүт жогору.

ХУСЕЙИН АРСЛАН, ИШКЕР:

- Казакстан – чет өлкөлүк инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүгү мол өлкө. Компания катары Казакстанда инфраструктура долбоорлорун ишке ашырдык. Алардын бири – Актау аба майданы, Казакстан Улуттук музейи менен бир катар турак-жай комплекси. Алдыдагы максатыбыз – мамлекеттик жеке менчик өнөктөштүк долбоору боюнча Алматыда жана Павлодарда шаардык ооруканаларды ишке кошуу.

ДОЛУНАЙ ЖОШКУНСУ ГӨНҮЛ, «DORÇE» КОМПАНИЯСЫНЫН МЕНЕДЖЕРИ:

- Казакстан менен 18 жылдан ашуун убакыттан бери мунай-газ тармагында иштеп келебиз. Маңгыстоодогу бир катар комплекстерди ишке коштук. Азыркы тапта Актогай районундагы жез кен жайынын модулдук имараттарын салып жатабыз. Жыл аягына чейин Алматы облусундагы модулдук имаратты ишке беребиз. Бул да Казакстандын инвесторлорго көрсөткөн жардамынын натыйжасы.

 

Foto: www.forbes.kz