Казакстан менен Бельгиянын инвестициялык кызматташтыгы

7 миллиард доллардан жогору. Бул акыркы 10 жылда Бельгиянын Казакстанга салган инвестициянын жалпы көлөмү. Эки мамлекет келечекте бул көрсөткүчтү бир нече эсеге көбөйтүүгө кызыктар. Азыркы тапта Королдуктун 70тен ашуун компаниясы өлкө экономикасына каржы салып жатат. Казакстанда иштеген бельгиялык ишканалар альтернативалык энергия, логистикалык кызмат көрсөтүү, медициналык курал-жабдыкты программалоо менен камсыз кылуу тармактарында кызмат кылат.

ДЕНИС ВАН ДЕ ВЕЙХ, БЕЛЬГИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

- Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат. Азыркы кезде Казакстанда бельгиялык ондогон компаниянын өкүлчүлүгү иштейт. Алардын өз штаты бар, алар салык төлөп, өз ишин өнүктүрүп жатышат. Мындан башка, сиздердин өлкөңүздөргө товар жеткирип жаткан бир нече компаниябыз бар. Байланыштарыбыз жылдан-жылга тереңдеп, бекемдеп келе жатат. 

ШАНТАЛЬ ДЕ БЛЁ, ВАЛОНИЯНЫН ЭКСПОРТ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ БОЮНЧА АГЕНТТИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Эки мамлекет жаңы технология, медицина жана курчаган чөйрөнү коргоо тармагында шериктештикти өнүктүрүүгө кызыктар. Бельгиялык компаниялар жаңы жаңылыктарды киргизип, өз товарын жеткирүүдөн башка жергиликтүү адистерди окутуу жана өз технологиялары менен бөлүшүүгө даяр.

Былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 460 миллион долларды түзгөн. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 60 пайызга көп. Казакстандан Бельгияга экспорт көлөмү эки эсе өстү. Белгилей кетсек, Бельгия Казакстандан айыл чарба өнүмдөрүн импорттоого кызыктар.  Казакстан Республикасы – дүйнөдө зыгыр менен буудай өндүрүү боюнча алдыңкы орундарда. Бельгиялык ишкерлердин айтымында, унаа- логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшү жана ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү Казакстанда бизнес ачууну эффективдүү кылат.

ШАНТАЛЬ ДЕ БЛЁ, ВАЛОНИЯНЫН ЭКСПОРТ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ БОЮНЧА АГЕНТТИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү Казакстандагы бельгиялык компаниялардын жумушун жеңилдетет. Биринчиден, бул өнүмдөрдү орток сертификациялоо. Экинчиден, Казакстан, Орусия жана башка да коңшу мамлекеттерде Евразиялык рыноктун мүмкүнчүлүгү жогору.

ДЕНИС ВАН ДЕ ВЕЙХ, БЕЛЬГИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АРДАКТУУ КОНСУЛУ:

- Бул жерде 18 миллион эмес, 185 миллион керектөөчүсү бар рынок тууралуу айтып жатабыз. Албетте, азыр бажы болбогондуктан, жумуштар бир топ жакшы жүрүп жатат. Мунун да бизнеске тийгизе турган таасири арбын. Башкача айтканда, Казакстандагы компаниялар каалаган жакка экспорттой алат, аны менен катар, казакстандык жана бельгиялык ишкерлердин ортосундагы биргелешкен компаниялар да ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алат.

Бельгиялык компаниялар Казакстан экономикасында атаандаштыкка жөндөмдүү тармактардын көптүгүнө кызыктар. Кулжа айына мерчемделген Бельгия королдугунун Казакстанга аймак аралык экономикалык миссиясында эки өлкө бизнесмендери ушул тармактарга инвестиция багыттоо жолун талкуулашат.