Эчки сүтүнө Кытайдан суроо-талап жогору

Эчки сүтүнө Кытайдан суроо-талап жогору

Кытай Казакстандагы асыл тукум  чарбачылыгынын өнүмдөрүнө кызыгып жатат. Анын ичинде эчки сүтүнө болгон суроо-талап жогору. Өлкөдө сүт өндүрүшү менен алектене турган заводдун ээси бул ишке 3 миллиард теңге каржы салган.  Италиядан алып келинген орнотмолордун жардамы менен саан жүрүшү толук автоматташтырылган.

АЗАМАТ ТУРМАГАМБЕТОВ, АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБА ФЕРМАСЫНЫН БАШКАРУУЧУСУ:

- Бизде өнүмдү өткөрүү рыногун кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жогору. Өнүмүбүзгө чет өлкөлүктөр кызыгып жатышат. Кытайлыктардан аны чоң көлөмдө жана жогорку баа менен сатып алуу тууралуу сунуштар келип жатат.

Азыркы замандын алдыңкы технологияларын өздөштүргөн эчки чарбачылыгы керектөөчүлөргө өнүмдүн бир нече түрүн сунуштап жатат. Анын ичинде пайдалуу эчки сүтүнөн жасалган каймак, сүзмө жана башка өнүмдөр бар.

СЕРГЕЙ ЗВОЛЬСКИЙ, РК ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Ишкана ушул кесип менен алектенгендерге жол салып берип жатат. Ал бул тармакта лидер деп айтсак болот. Мен экологиялык таза жана табигый өнүм фермасына биринчи кезекте компенсациялык төлөөлөр, даяр өнүмгө субсидия жана аны жабдыктар менен камсыз кылуу маселелерин караштырам. Бул фермаларды кеңейтүүбүз керек. 

Өндүрүш ээси бул өнүмдү мектеп окуучулары менен ооруканадагы дарылануучулардын тамак рационуна кошууга болот деп эсептейт. Себеби, эчки сүтүнүн өзгөчө касиеттери арбын. Ал аллергия жаратпайт жана ден соолукту жакшыртат.

Фото: dhakatribune.com