Казакстан-Корея кызматташтыгы

Казакстан менен Түштүк Корея – стратегиялык өнөктөш. Өз ара эффективдүү соода-экономикалык байланыштан башка маданий-гуманитардык кызматташтык бекемделе түштү. Былтыр эки өлкөнүн ортосундагы алыш-бериш 4 миллиард АКШ долларына жакындаган. Казакстан Түштүк Кореяга мунай, уран, жез, алтын, болот жиберсе, ал жактан электроника түзмөктөрү, унаага керектүү курал-жабдыктар ташылат.

КИМ ХЕН СУ, КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК СООДА АССОЦИАЦИЯСЫНЫН СЕРЕПЧИСИ:

- 2017-жылга чейин Казакстандан мунай импортунун көлөмү аз болгон, кийин 27 миллиондон 55 миллион баррелге өстү. Мунайдын сапаты абдан жакшы. 2018-жылы Казакстандан чийки мунайды 1 миллиард 100 миллион долларга сатып алдык,  бул Казакстандан Кореяга алып келинген өнүмдөрдүн сексен пайызын  түзөт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө Түштүк Корея капиталы бар 500гө жакын компания иштейт, эки өлкө 41  инвестициялык долбоорду ишке ашырууда.

ЛИ ЧЖЕ ЕН, КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз Казакстан менен экономика тармагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү көздөйбүз. Эки өлкө ортосундагы соода-сатык байланыш бекемдей түшөт деген ишеним бар. Ошондой эле, биз айыл чарба тармагы жагынан кызматташтыкты өнүктүрсөк дейбиз. Себеби, Казакстан ушул тармакта мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул маселелер жакын арада так чечимин табат деген үмүттөмүн.

Корея – жөнөкөй агрардык өлкөдөн экономикасы өнүккөн ири мамлекетке айланган.  Азыр дүйнө жүзүндөгү экономикасы кубаттуу жыйырма өлкөнүн бири саналат. Ошондуктан Казакстан бул өлкөдөн көп нерсе үйрөнө алат. Казакстандык серепчилер санариптик технологиянын көч башында турган өлкөдөн үлгү алуу керектигин белгилешет.

МУКАН БАУЫРЖАН, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУНУН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизди санариптик экономикага байланыштуу индустрия, көптөгөн долбоорлор кызыктырып жатат. Эми биздин азыркы максатыбыз бул диалогдо биздин кызматкерлердин тажрыйбасын ошол Түштүк Кореяда жандандыруу боюнча такшалмага байланыштыргыбыз келип жатат. Экинчиден, биргелешкен илимий долбоорлорду бирге уюштурсак, бизге да, жалпы Түштүк Кореяга да чоң пайдасы тиет деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, Корея Казакстандагы унаа-логистикалык долбоорго чоң кызыгуусун билдирип жатат. Өткөн жылы түштүк кореялык бир компания Ири Алматы айланма жолунун курулушун баштаган.

Фото: mfa.gov.kz