Туруктуу өнүгүү максаттары: “Жашыл” экономика

БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттары адамзаттын «жашыл» экономикага көңүл бөлүүсүн көздөйт. Он жети багыттын он бешинде ушул нерсеге басымдуулук берилген. Мыкты демилгени Казакстан да болушунча колдоп жатат. Өлкөдө кабыл алынган «жашыл» экономикага өтүү концепциясы анын далили. Документте курчаган чөйрөгө зыяны аз тийген мыкты үлгүдөгү технологияларды киргизүү жагы каралган. Бул багытта Казакстанда кайра жанма энергиянын аукциону ишке кошулду. Демилге альтернативалык энергия булактарына тиешелүү мыкты долбоорлорду тандоого арналган. Адистердин айтымында, тармактын инвестициялык тартымдуулугу өсүп, электр кубатынын наркынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү камсыз кылынып жатат. Казакстан ушул багытта эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен өнөктөштүк орноткон.

САЛТАНАТ РАКЫМБЕКОВА, «ЖАШЫЛ» ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОО КОАЛИЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- ФАОнун жана БУУнун азык-түлүк коопсуздук программалары бизге  чоң колдоо болуп жатат. Өлкөбүздө кеңсенин иштеп жатканына болгону 2 жылдын жүзү болду. Дал ушул уюм дүйнөлүк экологиялык фондго, жашыл климаттык фондуна биздин өтүнмөлөрдү даярдап жатат. Алар эмне үчүн керек? Биринчиден, экосистеманы жакшыртууга багытталган гранттык ресурстарды тартуу үчүн керек. Азыркы убакытта жашыл климаттык фонддун баасы жети миллион долларлык долбоору караштырылып жатат. Анын алкагында чөлдөшүүгө каршы күрөш демилгелери колго алынышы керек. Мисалы, кунарсызданган аймактарга жашыл көчөттөрдү эгүү сыяктуу.

Азыркы тапта Казакстанда жаңы экологиялык кодекс кызуу талкууланып жатат. Серепчилердин айтымында, бул экологиялык мыйзамды экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун өлкөлөрүнүн стандарттарына ылайыкташтырат. Ошондой эле, табиятты пайдалануучуларды жашыл технологияларды киргизүүгө кызыктырат. Документти даярдоого бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү менен чет өлкөлүк серепчилер тартылган.

САЛТАНАТ РАКЫМБЕКОВА, «ЖАШЫЛ» ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОО КОАЛИЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Жаңы кодекстин бир өзгөчөлүгү – өлкөбүздө экологиялык фонд түзүлөт. Ал жерде абдан чөн көлөмдө жыйнала турган бардык экологиялык төлөмдөр чогултулат. Ар түрдүү баалоого ылайык, анын көлөмү 150-170 миллион теңге тегерегинде болот. Дагы бир жагдайды белгилей кетким келет. Экологиялык кодекс мыкты делген жеткиликтүү технологияларды пайдаланууну колдойт. Ушул мыкты жараяндар биздин өндүрүштү жашылдандырууга өз таасирин тийгизет.

Эскерте кетсек, туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык ийгиликтүү ишке ашырылган узак мезгилдүү долбоорлордун бири – Казакстандын Акмоло облусундагы Арнасай жашыл конушу. Ал жердеги айыл жашоочулары иш жүзүндө ишкердиктин заманбап технологияларына көнүшүп жатат.

Фото: cyplive.com