Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы жаңы доор

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы жаңы доор

Казакстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы жаңы сапаттуу деңгээлге чыгууда. Бүгүнкү күндө эки өлкө үлгүлүү достук мамилесин бардык тармактарда көрсөтүп келет. Буга эки өлкөдөгү дүйнөлүк жараян менен жүрүп жаткан интеграциялык жараяндар жана санариптештирүү процесстери негиз болду. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 3 миллиард АКШ долларынан ашкан. Алдыдагы мерчем 5 миллардга жеткирүү.

АКМАЛ РАХМАНОВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОЛИЙ МАЖИЛИСИНИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Бүгүнкү күндө биз эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын жаңы деңгээлин байкап жатабыз. Казакстан менен Өзбекстандын мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн маданий өкүлдөрүнүн, экономикалык топторунун ортосунда достук мамилени сактоо маанилүү роль ойнойт. Бүгүн биз, биздин мурунку бекем карым-катнашыбыз кызматташтыктын жаңы, заманбап дооруна жеткенине күбө болуудабыз.

Жакынкы келечекте Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында «Борбор Азия» эл аралык соода-экономикалык кызматташтык борбору пайда болот. Тараптар тиешелүү меморандумга кол койду. Серепчилердин пикиринде, борбор аймактагы негизги унаа-логистикалык хаб болот, ошондой эле, Кытай менен Европа рыногуна жол ачып, соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

КОДИР ДЖУРАЕВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Эки мамлекет аймак аралык күчтү бириктирүү менен достук жана коопсуздукту сактоо жагынан алып караганда кызыктыруучу фактор катары саналат. Ушул жагынан алып караганда эки мамлекет Борбор Азияда лидер деп айтууга болот.

Өз ара эффективдүү кызматташтыкты өнүктүрө турган дагы бир тармак – туризм. Бай тарых менен байыркы архитектуралык эстеликтер көптөгөн туристтердин аймакка кызыгуусун жогорулатууда.

ТУЛКИНЖОН КАРИМОВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОЛИЙ МАЖИЛИСИНИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан Президентинин Туризм кластерин өнүктүрүү боюнча пикири көңүл жылытарлык болду. Бул жерде Түркестан, Самарканд жана Бухара тарыхый шаарларын байланыштырууну алдына максат кылып койду. Бул бизге эки өлкөнүн гана эмес, дүйнө жүзүнүн назарын буруп, өз ара туризм тармагынын өнүгүшүнө кепил болот.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык, маданий жана туристтик байланыштын жаңы доору башталды. Анын бир көрүнүктүү далили – Өзбекстанда Казакстан жылын өткөрүү болуп жатат.

Фото: kazanalytics.kz