Казакстан - Түштүк Корея өлкөлөрүнүн өнүгүү келечеги

Казакстан - Түштүк Корея өлкөлөрүнүн өнүгүү келечеги

Казакстан менен Түштүк Корея соода жана инвестициялык кызматташтыкты алгылыктуу күчөттү. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашкан. Серепчилердин пикиринде, үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч эки эсеге өсөт. Бүгүнкү күндө тараптар ар түрдүү багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар. Айрыкча, маалыматтык – коммуникациялык технологиялар, саламаттыкты сактоо, медицина жана айыл чарба тармагында мыкты мүмкүнчүлүктөр бар.

ЛИ ЧЖЕ ЁН, КОРЕЯ ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым-катнаш орногондон бери биз Казакстан менен экономиканын ар түрдүү тармактарында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдөбүз. Менимче, өз ара  кызматташтыкты кеңейтүү жараяны уланат. Биз Казакстанга санариптештирүү жана кайра жанма энергия булактары тармагында шериктеш болууну сунуштап жатабыз. Анткени, бул ушул өлкөдөгү өнүгүүнүн башкы багыттары катары саналат. Аны менен катар, Казакстанда «Акылдуу айыл» долбоорун ишке ашырууну сунуштадык. Бул багытта алдыңкы инновацияларды киргизүү айыл чарбанын эффективдүү өрчүшүнө таасир берет.

САРА АЛПЫСБАЕВА, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Натыйжалуу макроэкономикалык саясат тажрыйбасын алсак жакшы болмок. Түштүк Корея – бул табигый ресурстарга жарды мамлекет. Ушуга карабастан, ал дүйнөлүк экономикада алдыңкы орундардын бирин ээлеп келет. Акыркы эки жылда Казакстанда Түштүк Кореяга жөнөтүлгөн мунай экспорту алгылыктуу өстү. Ошондой эле, 5 миллиард доллардан ашуун инвестиция тартылды. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм, айрыкча Түштүк Кореянын абдан алыс жайгашканын эске алганда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстан электрондук өкмөт тармагындагы түштүк кореялык тажрыйбаны изилдөөдө. Азыркы тапта Түштүк Корея ушул тармакта көч башында турат. Серепчилердин пикиринде, төртүнчү өнөр жайлык төңкөрүштүн алкагында эки өлкөнүн инновациялык технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүгүн бириктирүү керек.

Фото: tengrinews.kz