QNET – 10 жыл

Бүгүн түз сатуулар менен алектенген QNET эл аралык компаниясы Казакстанда өзүнүн он жылдыгын белгилеп жатат. Анын аркасында казакстандык керектөөчүлөр өздөрү үчүн бир гана жаңы товарларды эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышты. 10 жылдын ичинде жүздөгөн адамдар аталган эл аралык компаниянын толук кандуу мүчөсү болууга жетишкен. Бул  киреше алып келген жеке бизнес.

АЛИЯ АДЕЛЬБАЕВА, ЭЛ АРАЛЫК БЮРО КОНСАЛТИНГИНИН МҮДҮРҮ, «QNEТ» КОМПАНИЯСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АГЕНТИ:

- Биз адамдарга өзүнүн жеке бизнесин ачууга жардам беребиз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар өзүнүн жеке ишин баштоону каалашат, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Биз бул жерде бизнес түзүүнүн жолдорун табууга жана толук ишке ашуусуна жардам беребиз.

QNET – бул бир гана ийгиликтүү бизнес эмес, ошол эле учурда коомдук жоопкерчилик. Компанияда балдар мекемесинин курулушуна өзгөчө маани берилет. Бүгүн QNET өзүнүн 10 жылдык маарекесине ата-эненин камкордугусуз калган балдарды чакырды.

ЛЯЗЗАТ КУЛСАРИНА, «ЖАНУЯ» АДИСТЕШТИРИЛГЕН КОМПЛЕКСИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз QNET компаниясы менен көптөн бери кызматташып келебиз. Ал ар дайым бизге кайрымдуулук жардам көрсөтүп келет. Бүгүн биз бул иш-чарага өз ыраазычылыгызды билдирүү үчүн балдар менен бирге келдик.

ЕРКИН КАМАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ «QNEТ» КОМПАНИЯСЫНЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ӨКҮЛҮ:

- QNET компаниясынын бардык көз карандысыз өкүлдөрүн 10 жылдыгы менен куттуктап кетким келет. Ар бирине ийгиликтерди каалайм, көздөгөн максаттарына жетишсин!

QNET компаниясы өзүнүн маарекелик иш-чарасында кичинекей досторуна белек да даярдады. Бүгүн балдар үйүнө суу тазалоочу жабдуу, видеокамера жана балдарга чакан белектер тапшырылды.

Фото: 24.kz

*PR