Казакстандын экономикалык өнүгүшү

Казакстандын экономикалык өнүгүшү

Казакстан экономикалык өнүгүү жигердүүлүгүн сактай алды. Биринчи кварталдын корутундусу боюнча республиканын ички дүң өнүмү болжол менен 4 пайызды түзөт. Белгилеп айтканда, иштетүү өнөр жайы, курулуш тармактарында өсүш катталып, инвестиция көлөмү өскөн. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өнөр жай өндүрүшүнүн үч айдагы өсүшү 3,2 пайызды түзгөн. Аны менен катар, жеңил өнөр жайда, суусундуктар менен желим өнүмдөрүнүн, курулуш материалдарынын өндүрүшүндө, ошондой эле машина куруу тармагында өсүш болгон.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Инвестициялардын жигердүүлүгү болжол менен эки эсе көбөйдү. Эки айдын өсүш темпи 4,2 пайызды түзсө, кварталдын жыйынтыгы боюнча өсүш 7 пайыз болду. Ал негизинен инвестициялык товарларды сатып алуу менен байланыштуу.

Аны менен бирге, Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы чийки заттык эмес экспорттун үлүшү да өскөн.

РОМАН СКЛЯР, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- 2018-жылы Казакстандын чийки заттык эмес экспорту 15,7 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 1 пайызга өстү. Химия өнөр жайы 2,6 пайызга, минералдык өнүмдөр 14,6 пайызга, машина куруу 11 пайызга өстү. Бүгүнкү күндө Казакстан 120 өлкөгө 800 товар түрүн чыгарат.

Өткөн жылы унаа жана курулуш тармактарындагы кызматтар экспортунун көлөмү өскөн. Азыркы тапта ата мекендик курулуш компаниялары эл аралык рынокторду өздөштүрүүгө киришкен. Бүгүнкү күндө казакстандык курулушчулар Грузия авто жолдорунун, Словакияда темир жолдордун жана Кыргызстанда кен байытуу фабрикасынын курулушуна аралашып жатат.