Казакстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү

Туризм индустриясы – Казакстан экономикасынын негизги тармактарынын бири. Чет өлкөлүктөр тарабынан өлкөгө болгон кызыгуу да өсүп келе жатат. Өткөн жылы Улуу талаа өлкөсүнө саякаттап келген туристтердин саны 8,5 миллионго жетти. Бул рекорддук сезондон 10 пайызга көп. Конокторго бизнес жана билим берүү, ашпоздук, каржылык, этнографиялык, спорттук, медициналык жана кум жээк туризминин бардык түрлөрү сунушталат. Аны менен катар, саякатчыларга ыңгайлуу болушу үчүн жаңы темир жол жана аба кызматтары да ачылууда. Алматы облусунда Алакөл көлүнө кошумча аба каттамдары ишке кошулду.

АЗАТ ЖУМАКАНОВ, САЯКАТЧЫ:

- Учакта абдан ыңгайлуу, болгону 50 мүнөт учабыз. Ал эми Алматы-Өскемен унаа жолунун боюнда курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан жолго 4 саат кетет. Учак менен жетүү абдан ыңгайлуу.

Түрк дүйнөсүнүн бешиги, Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири  Түркестан шаарына туристтерди тартуу үчүн жаңы уникалдуу багыт ишке кошулду. Улуу талаа берметине эми төө менен жетүүгө болот. Багыт байыркы Шавгар шаарынан башталат. Аталган конуш 8-10-кылымдарда Түркестан облусунун борбору болгон. Аны менен бирге, алдыдагы убакытта  ачык асман алдындагы музей ачуу мерчемделип жатат.

ЕРЛАН СЫЗДЫК, ЧӨЛКӨМ ТААНУУЧУ:

- Биринчи пилоттук долбоорду ишке ашырып, ушул төөлөр менен канча убакытта Яссы шаарынан Түркестанга жетерибизди көрөбүз. Ошол аркылуу алдыдагы убакытта туркомпаниялардан, кандайдыр бир уюмдардан же кандайдыр бир мекемелердин буйрутмасы аркылуу биз төө санын көбөйтүбүз.

Өткөн жылы Түркестанга 1 миллион 200 миңден ашуун турист келген. Серепчилердин пикиринде, эс алуу менен саякат индустриясын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программа аймакка көп санда саякатчыларды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Туристтерди Кожа Ахмет Яссауи комплексинен башка, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Сауран, Отырар, Сидак, Күлтөбе сыяктуу байыркы шаарлардын тарыхы кызыктырат.

Облус борбору макамына ээ болгон Түркестан күн санап гүлдөп жатат. Руханий борборду көрктөндүрүү үчүн көчөлөр менен аянттарга 300 миң түп голландиялык жоогазын көчөтү эгилди. Шаарды айландыра «жашыл кур» куруу жумуштары да башталды.

ГҮЛЖАНАТ ДҮЙСЕНБАЕВА, ТҮРКЕСТАН ШААРЫНЫН ЖАШООЧУСУ:

- Гүлдөр биздин шаарыбыздын көркүнө көрк кошту. Шаар сары-кызыл түскө оролду. Бүгүнкү күндө Түркестандын кире беришиндеги көчө толук жоогазындар менен кооздолгон.

Туризм индустриясы Казакстандын экономикалык өнүгүшүнүн негизги драйверлеринин бири болушу керек. 2025-жылга карай жалпы ички дүң өнүмдөгү үлүшү 8 пайызга жетип, туристтердин санын жылына 15 миллиондон ашыруу көздөлгөн.

 

Фото: Liter.kz