Быйыл 22 инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Тогуз жолдун томунда жайгашкан Маңгыстау облусунда быйыл 22 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Алардын бири – аймакта биринчи жолу тоок этин чыгара турган ири фабрика ишке кошулат деп мерчемделип жатат. Жылына 5 миң тонна өнүм чыгарган ишкана Түпкараган районунда салынып жатат. Фабрика тоок этине болгон суроо-талаптын 50 пайызын жабат.

ДАНИЯР ТУРГЫНОВ, ИНВЕСТОР:

- Жем чыгара турган завод салынып жатат. Аталган жемдер менен мал чарбачылыктарын камсыз кылабыз. Белгилей кетсек, Маңгыстауда мунун анологу жок. Бул биздин биринчи долбоор.

Аймак экономикасына каржы салууга кызыктар болгондордун катарында азербайжандык инвесторлор да бар. Алар Актауда кабель менен трансформатор өндүрө турган завод салып жатат. Долбоордун жалпы наркы 9 миллиард теңге. Электр жабдыктары Казакстандан башка Борбор Азия өлкөлөрүнө  экспортко чыгарылат.

САМИР РАСЛОВ, ИНВЕСТОР / АЗЕРБАЙЖАН:

- Казакстандын ички-тышкы кырдаалы туруктуу жана экономикасы туура жолго коюлган. Ошондуктан биз ушул өлкөнү тандадык. Анын үстүнө заводубуз салынып жаткан «Актау деңиз порту» атайын экономикалык аймагында инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бардык салыктар менен бажылык төлөмдөрдөн бошотулган.

Аталган атайын экономикалык аймакта чоюн өндүрө турган жаңы завод да салынып жатат. Анын жылдык кубаты – 250 миң тонна.

ТИЛЕГЕН ЕДИГЕЕВ, ОБЛУСТУК ИНДУСТРИЯЛЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Долбоорду ишке ашырууга 76 миллиард теңге каржы жумшоо көздөлүүдө. Долбоорго керектүү чийки зат Маңгыстауда жайгашкан «Бескемпир» кен жайынан алынат. Аны менен катар долбоор экспортко багытталган. Иран, Пакистан жана Индия сыяктуу өлкөлөргө товарды экспорттоо көздөлгөн.

Быйыл 67 миллиард теңгеге 22 жаңы долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн. Ал эми, 2025-жылга чейин чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлордун каржысына 43 ишкана салынат. Аны менен катар, алдыдагы жайда Маңгыстау облусунда көп функционалдык ири логистикалык борбордун курулушу башталат. Ал жылына 2 миллион тонна жүк менен 150 миң контейнер өткөрөт. Ушундай шарттарда, Казакстан аркылуу ташылган жүк көлөмү өсөт.

Фото: liter.kz