Казакстан-Кытай кызматташтыгы

Казакстан менен Кытай өз ара кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүдө. Бүгүнкү күндө Кытай – республиканын маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Кытай Казакстандагы түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү менен биргелешкен ишканалардын саны боюнча алдыда. Азыркы тапта эки тараптын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү алгылыктуу өскөн.  Акыркы беш жылда ал рекорддук деңгээлге жетип, болжол менен 29 миллиард АКШ долларын түзөт. Белгилей кетсек, эркин соода-сатыкты өнүктүрүү «Хоргос» чек ара айланасы кызматташтыгы тууралуу Казакстан-Кытай эл аралык борборунун курулушунун аркасында мүмкүн болгон. Ал болжол менен 500 гектар аймакты ээлеп жатат. Кытай менен Казакстандан дүң жана чекене соода кылуучулар күн сайын ушул жерге келет.  Өндүрүүчүлөргө арналган жеңилдик тартип сыяктуу, керектөөчүүлөр үчүн да артыкчылыктар каралган. Өткөн жылы Хоргос борборуна алты миллиондон ашуун адам келгенин да белгилей кетүү керек. Бул көрсөткүч 2017-жыл менен салыштырганда 7 пайызга көп.

ЦЗИ ГАН, СООДА БОРБОРУНУН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- 2016-жылдын жайында ачылган алгачкы эки имаратта бүгүнкү күндө 78 бөлмө ижарага берилди. Бул долбоорго болгон кызыгуу өсүп келе жатат, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлеринин арасында. Өз кезегинде биз аларга Кытайдан өнөктөштөрдү табууга жардам беребиз.

Фото: liter.kz