Казакстан-Беларусь экономикалык байланышы

Казакстан-Беларусь экономикалык байланышы

Казакстан менен Беларусь экономикалык кызматташтык жигердүүлүгүн  арттырууга кызыктар. 2018-жылы эки жактуу товар жүгүртүү көлөмү 900 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул мурунку жыл менен салыштырганда 30 пайызга көп. Эки ортодогу соода-сатык чөйрөсүн кеңейтүүгө биргеликте уюштурулган бизнес-форумдар, көргөзмө-жарманкелер өз таасирин тийгизүүдө. Ошондой иш-чаралардын бири Алматыда өттү. Көргөзмөдө Беларустун элүүдөн ашуун компаниясы өз өнүмдөрүн сунуштап, айыл чарба техникалары менен машина куруу, турмуштук техника жана азык-түлүк өнүмдөрүн тааныштырды. Аталган товарлар казакстандык керектөөчүлөргө кеңири белгилүү. Ошондой эле көргөзмөдө зергерчилик буюмдар менен медициналык кызматтар да тааныштырылды. Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан тарап Беларуска мунай, көмүр, жана газ өнүмдөрүн экспорттойт. Ошондой эле, эки өлкө ортосунда 8 орток долбоор ишке ашырылууда.

МУХТАРХАН БИЯРОВ, ШААРДЫК СООДА ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ ПАЛАТАСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө беларустук өндүрүүчүлөр биргелешкен казак-беларус ишканаларын ачып жатышат. Мисалы,  техникаларды чогулта турган борборду айтсак болот. Азыркы тапта ал жакта айыл чарба машиналары, ошондой эле, тракторлор, комбайндар жана башка агротехника түрлөрү чогултулат.

АНДРЕЙ ШАХАНОВИЧ, СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ / БЕЛАРУСЬ:

- Эң биринчи кезекте натыйжа түзүлгөн келишим-шарттардын саны менен ал жердеги көрсөтүлгөн каражатка тиешелүү баалануусу мүмкүн. Ушундай жарманкелерге катышуу жана көргөзмөдө өз өнүмдөрүн тааныштыруу, товарды башкага көрсөтүүгө, жаңы керектөөчүлөрдү табууга чоң жардам болот. Бир сөз менен айтканда, ишкер өз брендин сунуштап, келечекте аны мындан ары өнүктүрүүгө жол ачат. Мунун бардыгы дароо аткарыла турган жараян эмес. Ошентсе да натыйжасында ийгиликтүү келишим түзүүгө алып келди.

Фото: tengrinews.kz