Казакстан геологиялык чалгындоо тармагына $90 млрд инвестиция тартты

Казакстан геологиялык чалгындоо тармагына $90 млрд инвестиция тартты

Казакстандык геологиялык чалгындоо тармагына 90 миллиард доллар инвестиция тартылды. Буга аталган тармакта иштеген компанияларга лицензия берүү талаптарынын жеңилдетүүсү өз таасирин тийгизди, дешет адистер. Бүгүнкү күндө жер казынасын пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн сынакка катышуу милдеттүү эмес. Азыркы тапта өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугун арттыруу максатында бир катар иш-чаралар колго алынган. Айрыкча чалгындоо жумуштары жанданууда. Белгилей кетсек, Казакстан жер казынасын пайдалануунун инвестициялык тартымдуулугу боюнча 104 мамлекеттин ичинде 73-орундан 24-орунга көтөрүлдү. Бул көрсөткүч Фрейзер институтунун дүйнөлүк рейтингинде аныкталган.

ТИМУР ТОКТАБАЕВ, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Реформанын мааниси эмнеде? Дүйнөлүк тажрыйбага негизделген «Жер казынасы жана жер казынасын пайдалануу тууралуу» Кодекс бекитилди. Ал жерде геологиялык чалгындоого берилген лицензияны алуу шарттары жеңилдеди. Азыр анын бардыгын 10 күндө алууга мүмкүнчүлүк бар. Тармактын инвестициялык тартымдуулугун арттыруу аракеттери менен алектенген компания курулду. Ал аз изилденген аймактарды аныктап, чалгындоо менен алектенет.

АКБАТЫР НАДЫРБАЕВ, КР ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Геология жана жер казынасын пайдаланууда чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жогорку ролду ойнойт. Каттуу пайдалуу казууларга арналган геологиялык чалгындоо жумуштарына инвестициялар болжол менен 40-50 миллиард долларды түзөт. Ал эми жаңы долбоорлорго инвестициялык каржы багыттоо көлөмү 30-40 миллиард долларга тең. Жаңы Кодексти киргизүү менен бул көрсөткүч 2-3 эсе өсөт деп үмүттөнүп жатабыз.

Маалыматка ылайык, азыр мамлекеттик баланста катталган 8 миңден ашуун кен жайы бар. Көз карандысыз жылдарында казакстандык геологдор көмүр суутегинин 133, 200дөн ашуун алтын, түстүү, кара металл жана башка да пайдалуу казуулардын жайын аныктаган.

Фото: eco.tatarstan.ru