Казакстандык буудайдын экспорту

Казакстандык буудайдын экспорту

Казакстан айыл чарба өсүмдүктөрүн экспорттогон алдыңкы өлкөлөрдүн бири катары саналат. Анын ичинде буудай менен арпа жөнөтүүлөрүнүн үлүшү басымдуу. Белгилей кетсек, өткөн жылдын 11 айында Казакстан тышкы рынокко 862 миллион доллардан ашкан 5,5 миллион тонна дан жөнөткөн. Бүгүнкү күндө казакстандык буудай дүйнөнүн 70 өлкөсүнө жөнөтүлүп келет. Импорттоочулардын арасында Ооганстан, Иран, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр бар.

САГЫНТАЙ ЖУМАЖАНОВ, КР АЧМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Акыркы убакытта биз Кытайга жөнөтүүлөрдүн  көлөмүн көбөйттүк. Мисалы, өткөн жылы аталган өлкөгө 500 миң тоннага жакын жүк жөнөттүк. Мындан сырткары, бизден Түркия, Италия, Испания, Грузия жана башка өлкөлөр да алышат. Жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан рынок катары Вьетнамды алсак болот. Бул өлкө менен 2 жылдан бери кызматташып келебиз. 2018-жылы Вьетнамга 40 миң тонна дан экспорттодук.

Казакстан Азербайжанга буудай экспортунун көлөмүн жогорулатты. Белгилей кетсек, өткөн жылдын корутундусуна ылайык, ата мекендик дандын жеткирүүлөрү алгылыктуу өскөн. Серепчилер ушундай көрсөткүчтү ийкемдүү баа саясаты менен байланыштырып жатышат.

СЕАДЕТ ГАДЖИЕВА, АЗЕРБАЙЖАН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- 2017-жылы Азербайжанга Казакстандан 63 миң тонна буудай жеткирилсе, 2018-жылы бул көрсөткүч 270 миң тоннаны түздү. Буга ийкемдүү баа саясатынын аркасында жеткенибизди белгилей кетишибиз керек. Натыйжасында өткөн жылы Азербайжанга импорттолгон  Казакстан буудайынын үлүшү 5 пайыздан 20 пайызга чейин өскөн.

Азербайжан айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, өткөн жылы жергиликтүү ун тартуучулар казакстандык буудайды 51 миллион долларга сатып алган.

СЕАДЕТ ГАДЖИЕВА, АЗЕРБАЙЖАН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Быйылкы жылдын биринчи кварталында казакстандык өсүмдүктөрдүн жалпы импорттогу үлүшү 51 пайызды түздү. Быйылкы жылдын биринчи кварталында биз бир тонна казакстандык буудайды 219 долларга, ал эми өткөн жылдын биринчи кварталында 182 долларга сатып алдык. Үч айда импорт көлөмү 206 миң тоннага жетти. Муну акчага которо турган болсок 45 миллион долларга тең.

Ал эми жалпы жылдын алгачкы кварталында Азербайжанга 406 миң тонна буудай жеткирилген. Эскерте кетсек, 2017-жылы өткөн өкмөт аралык комиссия мажилисинде казакстандык буудай экспортун көбөйтүү милдети коюлган.

Фото: earlham.ac.uk