Дүйнөдөгү биринчи кантсыз шоколад

Дүйнөдөгү биринчи кантсыз шоколад

Казакстандык ишкерлер бээ сүтүнөн шоколад чыгара баштады. Экологиялык таза, табигый заттардан даярдалган өнүмдүн дүйнөдө альтернативасы жок. Витаминдерге бай шоколад көптөгөн ооруларга эм. Бул өнүм саамалды өз кезинде кургатып, ага какао менен керектүү кошмолор кошулуп жасалат. Жаңы саалган бээ сүтүнүн өзү даамдуу болгондуктан бул өндүрүшкө кант кошулбайт. Таза, табигый өнүмдөн даярдалган шоколад улуттук бренд катары экспортко чыгарылат.

ТӨРЕГЕЛДИ ШАРМАНОВ, КАЗАК ТАМАК ТААНУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин шоколадыбызда кант, уулуу зат, транс май кычкылы жок.  Анын даамы дүйнөгө белгилүү болууга жетишти. Бээнин сүтүнөн жасала турган өнүмгө мамлекет тарабынан атайын 300 миллион теңге бөлүндү. Ошондой эле биз эл аралык патент алдык. Бул деген өнүмдөрүбүздү чет өлкөлүк рынокторго экспорттой аларыбыздан кабар берет.

Ал эми ата мекендик тоок жумурткасы Бириккен Араб Эмираттары, Ооганстан жана жакынкы чет өлкөлөргө  экспорттолуп жатат.  Казакстандык өнүмдөр бардык эл аралык талаптарга ылайык келет. Эң башкысы – табигый. Ошондуктан суроо-талап да аз эмес. Фермерлердин айтымында, жогорку сапаттагы жумуртканы алуу үчүн тооктун жем-азыгына кылдат көңүл бөлүү керек.

ХЕНДРИК ДЕ ЙАГЕР, ӨНДҮРҮШТҮН МҮДҮРҮ:

- Жумуртканын сапаты жемдин сапатына түз байланыштуу. Биз бир гана табигый өнүмдөрдү пайдаланабыз. Гендик модификацияланган өнүмдөрдөн, антибиотиктерден алыспыз. Ошондуктан биздин өнүмгө болгон суроо-талап көп.

Тоок фабрикасы 480 миң тооктон күнүнө 450 миң жумуртка алат. Келечекке мерчемдер абдан көп. Алматы шаары менен облусу боюнча эт жана тоок өнүмдөрү Кытай жана постсоветтик өлкөлөргө экспорттолсо, таза, табигый бал Жапонияга чейин жетет. Акыркы кездери төө өнүмү шубатка да тышкы өлкөдөн суроо-талап өсүп жатат, дешет ишкерлер.

Photo: fainaidea.com