Асыл тукум ири кара малды өстүрүү

Асыл тукум ири кара малды өстүрүү

Казакстан уй этин экспорттоо боюнча дүйнөлүк бештикке кирет. Республикада асыл тукум ири кара мал өстүрүүдө чарбачылыктарга жардам көрсөтүүгө багытталган «Сыбага» мамлекеттик программасы  кайра колго алынып жатат. Эскерте кетсек, биринчи кезекте өлкөгө асыл тукум 55 миң баш ири кара мал алып келинген. Жаңыртылган мамлекеттик программа ишке кошулгандан кийин бул көрсөткүч 8 миллионго чейин өсүшү керек. Мисалы, чыгыш казакстандык фермелер 2022-жылга чейин 17 миң тонна мал этин экспортко чыгарууну мерчемдеп жатышат.

ДИДАР ХАМИТОВ, ҮРЖАР РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Былтыркы жылы мамлекеттик «Сыбага» программасынын алкагында, 15 чарбачылык асыл тукум мал алып келүүгө кызыктар болушкан. 747 баш Герефорд деген тукум алып келинди. Быйылкы жылы 60 баш Орусия Федерациясында карантинде турат. Жакынкы арада алар биздин өлкөгө алып келинет. Ушул жылы ири кара малдын башын 2 эсе көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз.

Аймактагы чарбачылыктардын биринде асыл тукум ири кара малдын саны миңден ашат. Бул жерде малдын «Шаролле», австралиялык ангус жана аулиекөл тукумдары өстүрүлүп жатат. Чарбачылык облуста биринчилерден болуп Өзбекстанга 130 тоннадан ашуун этти экспортко жөнөткөн.

МАНАРБЕК КАБИН, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН ВЕТЕРИНАРЫ:

- Тарбагатай тоолорунун жайкы жайыттары малды жайууга абдан ыңгайлуу. Ал жердеги жайыттар бай, мал 5 ай жайылат. Андан кийин ошол жайыттардан жыйналган тоюттарды беребиз. Азык даярдоо үчүн өзүбүздүн бригадабыз жана тракторлорубуз бар. Бүгүнкү күндө биздин кармагыбызда төрт жарым миң гектар жер бар. Өзүбүздүн күчүбүз менен бардык чарбачылыктарды камсыздай алабыз.

Ал эми Чехиядан алып келинген бул асыл тукум ири кара мал Түндүк Казакстан облусунун ири чарбачылыктарынын биринде өстүрүлөт. Жалпы «Сыбага» программасы боюнча Петерфельд айылына 500гө жакын уй жеткирилген.

АЛЕКСАНДР ФОМИЧЁВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН БАШЧЫСЫ:

- Сүт өндүрүшүн көбөйтүшүбүз керек. Анткени ага суроо-талап жогору. Анын үстүнө баасы да жакшы. Ошондуктан бул уйлар алдыдагы убакытта бизге бир гана пайда алып келет деп ойлойм.

ӨМИРБАЙ ОМАРОВ, КЫЗЫЛЖАР РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү Европа өлкөсүнөн алып келинген малга кошула турган субсидия жалпы 225 миң боло турган болсо, биздин облуста анын үстүнө 50 пайыздык кошумча, башкача айтканда бир башка 337 миң үстөк акы, субсидия алынат.

«Сыбага» мамлекеттик программасын жандандыруу асыл тукум малдын тектик фондун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет адистер.

Фото: foodnavigator-asia.com