Ишкердикти колдоо аракеттери күчөтүлдү

Ишкердикти колдоо аракеттери күчөтүлдү

Ишкерлерди жеңилдетилген насыя программасына тартуу, бизнес-долбоорду даярдоо жана каржылоо. Улуттук ишкерлер палатасынын аянтында түзүлгөн «Жөнөкөй заттардын экономикасы» долбоордук кеңсеси ушул маселелер менен алектенет. Ушундай мекемелер өлкө аймактарында жапырт ачылууда. Анын курамында ишкерлер Палатасы менен ишкердикти колдоо фондунун, аны менен жергиликтүү аткаруучу органдардын кызматкерлери да бар. Кеңсе ири ишканалар менен кошо, орто жана чакан бизнес объекттерин да каржылайт. Сунуштала турган долбоорлор милдеттүү түрдө өнүм иштетүү, жеңил өнөр жай жана агро өнөр жайлык комплекске тиешелүү болушу керек. .

АСЕТ ШАЯХМЕТОВ, ОБЛУСТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз 65 компаниянын каржылык жүгүртүүсүнүн жетишсиздигине  байланыштуу насыяга таянгысы келерин аныктадык. Алар менен тыгыз карым-катнашта иштеп жатабыз. Азыркы тапта 3 компаниянын документтери экинчи деңгээлдеги банктарга жөнөтүлдү. 12 ишкана бизнес-долбоорун даярдап, керектүү документтерин топтоого киришти. Келечекте алардын саны көбөйөт деген ойдобуз. 

Белгилей кетсек, эл керектеген товарлардын өндүрүшүн каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бул максатка 600 миллиард теңге бөлүнгөн. Насыя 8 пайыздык үстөк менен 9 жылга берилет.

Фото: primeminister.kz