Казакстандык дан экспорту

Казакстандык дан экспорту

Казакстан дүйнөлүк дан рыногунда өз ордун тапкан экспортчу мамлекет. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл теке айына чейин Казакстан Азербайжан жана Грузияга бир миллион тонна дан экспорттоону мерчемдеп жатат. Ата мекендик өнүмдүн сапаты жогору болгондуктан ага болгон суроо-талап бар, дешет адистер. Бүгүнкү күндө Казакстан Иран рыногун да өздөштүрүүдө. Ислам мамлекетинин ун өндүрүүчүлөрү биргеликте дан иштетүүгө  кызыктар. Бул унду үчүнчү өлкөгө реэкспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, РК АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биздин даныбыз сапаттуу. Ага болгон суроо-талап өсүп жатат, эң башкысы казакстандык буудайдын баасы көтөрүлдү. Азыркы тапта салттуу рынокто да, жаңы рыноктордо да экспорт көлөмүнүн өскөнүн байкадык. Ооганстан, Борбор Азия рынокторун сактап калуу биз үчүн абдан маанилүү.

САБИТ КАШКЫМБАЕВ, «АЗЫК-ТҮЛҮК КЕЛИШИМ КОРПОРАЦИЯСЫ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МҮЧӨ- БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Экспорт жагынан алып карасак жыл кирешелүү өттү. Божомол боюнча, экспорт көлөмү 10,5 миллион тоннага жакын болот. Бул былтыркы жыл менен салыштырганда 500-600 миң тоннага көп. Ал эми, өткөн жылдар менен салыштырганда экспорт өстү.  Азербайжан, Грузия рынокторуна чыктык, Кытайга жеткирүүлөр өстү. Аны менен катар, биринчи жолу Тажикстан рыногуна кирдик.

Азыркы тапта казак тарап дандуу өсүмдүктөрдү жеткирүү квоталарын көбөйтүү боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кытайга жөнөтүлгөн дан 4 эсеге өскөн.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, РК АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Өткөн жылы биз 20 миллион тоннадан ашуун буудай чогулттук. Быйыл да жыйым-терим жакшы болот деп ойлойбуз. Дан трейдерлери казакстандык буудайга дүйнөлүк рынокто таңкыстык бардыгы, ошондой эле, казакстандык буудайдан сапаттуу макарон өнүмдөрү жасаларын түшүнүп кызыгып жатышат. Мисалы, ушул максатта Кытай, Иран өлкөлөрү бизден алат.

Кытайга жөнөтүлгөн казакстандык дан көлөмү өткөн жылы 560 миң тоннадан ашты. Ал эми, 2020-жылга карай Казакстан бул көрсөткүчтү миллион тоннага чейин көбөйтүүнү максат кылууда.

Фото: mylotrade.com