Жер казынасын пайдалануу тармагын инвестицялоо

Жер казынасын пайдалануу тармагын инвестицялоо

Казакстан жер казынасын пайдалануу тармагына чет өлкөлүк каржы тартууга абдан пайдалуу мамлекеттердин бири катары саналат. Бул MINEX тоо- геологиялык форумуна катышкан эл аралык серепчилердин пикири. Адистер өлкөдөгү табигый корду өздөштүрүүгө тиешелүү жүргүзүлгөн инвестициялык реформалар менен укуктук жана техникалык нормалардын аткарылганына өзгөчө токтолуп өттү. Алардын божомолу боюнча бул геологиялык чалгындоо жумуштарынын жандануусу жана аталган тармакка сырттан  инвестиция тартууга мыкты түрткү болгон. Жыйындын алкагында катарлык компаниялардын бири казакстандык кен жайына 10дон 50 миллион долларга чейин каржы салууга кызыктар экенин көрсөттү.

АРТУР ПОЛЯКОВ, УЮШТУРУУЧУ:

-Биз Казакстанды Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн арасында эң келечектүү мамлекет катары тааныйбыз. Бул чет өлкөлүк инвесторлор эл аралык капиталы менен кирип, өздөрүнүн жаңы долбоорлорун ишке ашырууга абдан эффективдүү рынок.

2017-жылы кабыл алынып, мыйзам күчүнө кирген «Жер казынасы жана жер казынасын пайдалануу» тууралуу кодекске чет өлкөлүк инвесторлорго Казакстанда иш алып баруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатат. Бул геология жана тоо-кен өндүрүш тармактары өлкө экономикасынын экинчи тепкичинде турган мамлекет үчүн абдан маанилүү жагдай. Казакстандын тармактагы коңшу өлкөлөр абдан кызыгып жатышат.

ИШИМБАЙ ЧУНУЕВ, ТОО АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ/ КЫРГЫЗСТАН:

-Сиздерде «КРИСКО», жер казынасын пайдалануу кодекси киргизилди. Ушул тажрыйбаны өзүбүздө киргизсек дейбиз. Кадакстандык компанялар менен тыгыз байланыш жасайбыз. Жез, алтын өндүрө турган Бозымшак, Шыралжын кен жайлары менен өнөктөштүк орногон.

Эскерте кетсек, Казакстан уран, титан жана темир эритме сыяктуу кен байлыктар боюнча дүйнөдө көч башында турат.

Фото: kazarchives.kz